EN KG RU
«Жерүй” алтын кенин электр энергиясы менен камсыздоо иштеринин жүрүшү

16.11.2017

“Жерүй” алтын кенинин аймагын электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында “Мехколонна” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан тийиштүү иштер аткарылууда. Учурда өндүрүш комплексиндеги объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо үчүн  35/6 киловольттук  токтун чыңалуусун азайтуучу “Рудник” подстанциясында, 6/0,4 киловольттук Комплекстүү трансформатордук подстанциясында курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле кен казуу комплексине 110 киловольттук чыңалуудагы 15,2 километрлик электр линиясын тартып келүү иши аяктады.

Техникалык шарттарга ылайык, “Жерүй” алтын кенин электр энергиясы менен камсыздоо иши Улуттук электр тармактар ачык акционердик коомунун электр тармактарына кошулуу менен 15 мегаваттык чыңалууда жүргүзүлөт. Буга байланыштуу “Чат-Базар” подстанциясын реконструкциялоо иш-чарасы 2018-жылы жүргүзүлөт. Учурда ага керектүү болгон баардык шаймандар ташылып келинүүдө.