EN KG RU
«Альянс-Алтын» компаниясы Таластагы балдар үйлөрүнө көмүр жеткирди.

12.12.2017

“Жерүй” алтын кенин иштетүүчү  «Альянс Алтын" компаниясы “Бакубат Талас” фондусу аркылуу Талас областындагы социалдык мекемелерге кышкы жылуулук сезонун ийгиликтүү  өткөрүү максатында көмүр таратты. Жергиликтүү бийлик органдары, социалдык кызматкерлер менен макулдашылган шарттын негизинде 15 тонна кара алтын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө, ошондой эле балдардын реабилитациялык борборлоруна, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган социалдык мекемелерге бөлүнүп берилди:

•  «Теӊир Колдо» коомдук бирикмесине 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр берилди.

•  Талас районунда 10 үй-бүлөгө 14 250 сом суммасында 2,5 тонна көмүр берилди.

•  «Бекнур» коомдук бирикмесине 2850 сом суммасында 500 кг көмүр жеткирилди.

•  Бакай-Ата районунда 6 үй-бүлөгө 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр берилди.

•  Кара-Буура районунда 6 үй-бүлөгө 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр жеткирилди.

•  Манас районунда 6 үй-бүлөгө 17 100 сом суммасында 3 тонна көмүр берилди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда колдонуучулар Таластагы балдар үйүнө көмүр алып берүүгө акча чогултуу демилгесин көтөргөн. Тактасак, интернет колдонуучу Айгерим Тургунова өзүнүн баракчасында, Таластагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көмүр сатып берүү үчүн 100 сомдон топтоого чакырган.

"Жакында эле, майрам алдында балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге таттуулар, белектерди берүү канчалык жакшы экени айтылган. Тема абдан эле оор. Аны талкууга алсаӊ нервиӊди эле кетиресиӊ. Эми башкы нерсеге келсек, тез арада көмүр керек. Таластагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборуна көмүр керек (Эрмек эже). Бетондук дубалдардын ичиндеги балдар сууктан тоӊуп отурушат. Көмүрдүн тоннасы 5 миӊ сом. Ушу жерде отургандардын баары 100 сомдон чогулта койсок бир топ акча топтолот!",-деп жазган ал.