EN KG RU
«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунудагы балдарга жаңы жылдык белек тартуулады

12.01.2018

“Жерүй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому Талас облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана окууларында жакшы жетишкендиктерди көрсөткөн өспүрүмдөрдү жаңы жылы менен куттуктап таттуу белектерди тапшырды. Компания менен “Бакубат Талас” фондусу  тарабынан балдарга жалпысынан 180 белек даярдалып, алар облустун ар бир райондоруна, Талас шаарына жана Талас районундагы “Бекмолдо” айыл аймагына бөлүштүрүлдү. Балдарга белектерди “Бакубат Талас” фондусунун Байкоочу кеңешинин райондордон, Талас шаарынан, Бекмолдо айыл аймагынан шайланышкан мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге тапшырышып, балдарга бакубат балалыкты каалашты.