EN KG RU
«Альянс Алтын» ишканасы Талас облусундагы согуштун жана оруктун ардагерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды

11.05.2018

«Альянс Алтын» компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун Талас облусундагы ардагерлерин Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу компаниянын башкы жетекчисинин орун басары Көлбай Мусаев билдирди.

Анын айтымында, «Альянс Алтын» ишканасы негиздеген  «Бакубат Талас» фонду менен биргеликте Жеңиш майрамына арналган салтанаттуу иш-чараларга активдүү катышты. 8-майда Талас районунун акимчилиги менен биргеликте Өмүралиев айыл өкмөтүндөгү “Каныкей” кафесинде райондогу ардагерлер үчүн концерт уюштуруп, сый тамак тартууланып, белектер тапшырылды. Согуштун жана ооруктун бардык ардагерлерине «Альянс Алтын» ишканасы менен «Бакубат Талас» фонду тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

9-май күнү Талас облусунун жетекчилиги менен биргеликте Талас шаарындагы “Байбол” ресторанында областын  ардагерлери жана курман болуп калышкан согуштун ардагерлеринин жесирлери үчүн майрамдык сый тамак жана концерт уюштурулуп, “Альянс Алтын” компаниясынын “Бакубат Талас” фондусунун атынан акчалай жардамдар көрсөтүлдү.