EN KG RU
"Жер-Үйдө" курулуш кызуу жүрүүдө

16.05.2018

“Жер-Үй” алтын кенинин аймагын электр энергиясы менен камсыздоочу объекттерди, өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү комплекстерди куруу-оңдоо иштерин 2018-жыл ичинде бүтүрүү пландалууда.

1. Техникалык талаптарды аткаруу максатында “Альянс Алтын” ишканасы Жер-Үй кенин “Кыргыз улуттук электр тармактары” ишканасынын (КУЭТ) электр тармактарына кошуу үчүн керектүү жабдууларды жана материалдарды сатып алып, Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасына жеткирди.

Бул жабдуулар “Чат-Базар” көмөк чордонун жаңылоо жана “Жер-Үй” кенин 15 мегаватт электр кубаттуулугу менен камсыздоо үчүн керектелет. “Чат-Базарда” куруу-оңдоо иштерин Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы жүргүзүүдө. Бул көмөк чордонун жаңылоону 2018-жыл ичинде бүтүрүү пландалууда.

“Чат-Базар” көмөк чордону “Жер-Үй” кенинин 15 мегаватт кубаттуулук КУЭТтин электр тармактарына кошуу үчүн зарыл

2. “Жер-Үйдү” электр менен камсыздоо үчүн 110/35/6 “ЗИФ” башкы төмөндөтүүчү көмөк чордонун куруу башталды. Ишти “Электросила” компаниясы аткарып жатат. Курулуш 2018-жылдын 30-ноябрында аяктайт. Ишти сапаттуу бүткөрүү максатында 12 кесипкөй кадрлар ишке тартылган. Алардын бардыгы Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелет.

КУЭТ менен бекитилген келишимдерге ылайык, 110 киловатт кубаттуулук “Жер-Үйдөгү” 110/35/6 “Алтын өндүрүүчү фабрикага” 2019-жылдын январь айында берилет.

“Электросила” ишканасынын мобилизациясы

3. “Жер-Үй” кенинде аянт ичинде 6 киловатт тармактарды куруу боюнча “Электросила” ишканасы менен келишим бекитилген. Иш 2018-жылдын 30-ноябрында аяктайт.

4. 35/6 киловатт “Рудник” төмөндөтүүчү көмөк чордонун жана ички аянттагы 6 киловатт тармактарды куруу иштери жүрүп жатат. Аны “Мехколонна КЭС” ишканасы аткарууда. Курулуш 2018-жылдын ноябрь айында бүтөт.

35/6 киловатт “Рудник” төмөндөтүүчү көмөк чордонунун курулушу

5. 35 киловатт Аба линияларынын курулушу аяктады. Бул курулма аркылуу өндүрүүчү комплекс 110/35/6 киловатт “ЗИФ” көмөк чордонунан электр менен камсыздалат. Ишти аткарган “Мехколонна КЭС” компаниясы.

6. Алтын кен өндүрүүчү фабриканын курулуш аянтын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 10 киловатт Аба линияларынын курулушу аяктады. Ишти “Мехколонна КЭС” компаниясы аткарды.

“Мехколонна КЭС” компаниясынын өкүлү Сайдилла Мамадалиевдин маеги:

“Биздин компания “Альянс Алтын” ишканасы менен кызматташканы үчүн абдан кубанычта. Биз келишимге ылайык куруу-оңдоо иштерин жасап, анын ичинде “Рудник” менен өндүрүүчү комплексти жабдуулар жана материалдар менен камсыздап жатабыз.

Курулуш иштери 2017-жылдын 26-июлунан тарта баштаганбыз. 2018-жылдын ноябрында план боюнча ишти бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз. Жумуштарды 11 адамдан турган бригада аткарууда. Жумушчулардын баардыгы Кыргыз республикасынын жарандары болуп эсептелет. Жумушту сапаттуу бүтүрүү үчүн бизде тиешелүү курулуш техникалары бар, анын ичинде автокран, бульдозер, экскаватор жана жүк ташуучу унаалар.

“Альянс Алтын” ишканасы жумушубуз жана жабдууларды алып келгенибиз үчүн төлөмдөрдү өз убагында берип жатат. Аткарылган ишти “Альянс Алтындын” жогорку квалификациядагы адистери көзөмөлдөшүүдө. Жумуштун сапатына болгон талаптары абдан жогору. “Альянс Алтындын” жетекчилиги жана кызматкерлери абдан кесипкөй жана мамилечил. Биз “Альянс Алтын” компаниясын биздин ишкананы тандаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары дагы кызматташууга үмүттөнөбүз”.

7. Көчмө кыштакты жана “Курулуш индустрия базасынын” объекттерин жылуулук менен камсыздоо үчүн көмүр менен иштеген от казандын курулушу аяктап жатат. Анын кубаттуулугу 6,9 мегаватты түзөт. Курулуш иштерин Кыргызстандык “Asia Water Bild” компаниясы аткарууда. План боюнча иш 2018-жылдын 30-июлунда аяктайт.

Көмүр менен иштеген от казан комплексинин курулушу

“Asia Water Bild” компаниясынын өкүлү Алексей Коровиндин маеги:

“Биз “Альянс Алтын” ишканасы менен макулдашкан келишим боюнча кубаттуулугу 6,9 мегаватт от казан комплексинин долбоорун даярдадык. Учурда курулушун жасап жатабыз, анын ичинде жабдууларды жана материалды жеткирүү иши да бар. Жалпысынан курулуш иштерине 20 адам тартылган. Жумушчулардын дээрлик 80 пайызы Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары.

Жумуш 2017-жылы август айында башталып, 2018-жылы 30-июлда аякташы күтүлүүдө. Аткарылган иштин, жабдуулардын жана материалдарын сапатына, тартипке “Альянс Алтындын” талаптары абдан жогору. Бул компаниянын талабы боюнча биз жергиликтүү айылдардын тургундарын ишке алып жатабыз. “Альянс Алтын” жасаган ишибиз үчүн төлөмдү өз убагында төлөөдө. “Альянс Алтында” жогорку квалификациядагы адистер иштейт. “Альянс Алтын” куруу-оңдоо иштеринин сапатына жогорку талаптарды койгону үчүн курулушту бүтүрүп Кыргыз өлкөсүнө алтын берет деген ойдомун. Биздин компания “Альянс Алтын” менен кызматташканы үчүн абдан кубанычта жана мындан ары жемиштүү кызматташууга даярбыз”.