EN KG RU
«АЛТЫН-АЛЬЯНС» КОМПАНИЯСЫ ТАЛАСТА 500 АДАМГА ИФТАР УЮШТУРДУ

12.06.2018

Turmush - Кечээ, 11-июнь күнү Талас шаарындагы тойканалардын биринде «Алтын-Альянс» компаниясы тарабынан 500 адамга ооз ачыруу уюштурулду. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз катчысы Данияр Жаныкулов билдирди.

«Улуу Рамазан айында ооз ачыруу ушул облустун ар бир аймагында жайгашкан ишкананын милдети деп ойлойм. Алланын ыраазычылыгы үчүн быйылкы менен төртүнчү жолу ооз ачырып жатабыз. Жалпысынан ифтарга 500 адам чакырылып, алар толук келишти. Талас облусунун ар бир районунан өкүлдөр келишти. Жерүй алтын кени Талас районунда жайгашкандыктан басымдуу бөлүгү Талас районунан чакырылды. Ифтарга жылына инвесторлор жана «Русская платина» компаниясы «Алтын-Альянс» менен биргеликте каражат бөлүп өткөрүп келебиз», - деди ал.