EN KG RU
Талас облусундагы "Жерүй" алтын кенинде инфраструктуралык жолдорду куруу иши активдүү жүргүзүлүүдө

19.06.2018

 

“Жерүй” алтын кениндеги курулуш иштери бийик толуу шартта жүргүзүлгөндүгүнө  байланыштуу курулуш иштериндеги өтө маанилүү компоненттердин бири- сапаттуу жолдорду куруу болуп саналат. Анткени ошол жолдор аркылуу жаңы курула турган объектилерге учурда тийиштүү жабдыктар, курулуш материалдары жеткирилүүдө. Кийин руда дагы дал ушул жолдор аркылуу алтын өндүрүүчү фабрикага ташылат.   

 

Андыктан жол куруу ишине КР мыйзамдарына жооп берген баардык тийиштүү уруксат кагаздары бар, жол куруу тармагында тажрыйбалуу 5 Кыргызстандык компаниялар конкурстук негизде тандалып алынган. Алар: “Кербенжолкурулуш” ачык акционердик коому, “Жолчу” жабык акционердик коому, “Унистрой” жоопкерчилиги чектелген коому, “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Би Джей Дриллинг” жоопкерчилиги чектелген коому.  Бүгүнкү күндө бул ишканаларда 150 дөн ашык адам эмгектенсе, алардын 70 ашыгы Талас районунун тургундары болуп эсептелет.

 

Ал эми курулуш иштеринин жүрүшүн  көзөмөлдөөнү “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жогорку квалификациялуу, жол куруу тармагында  тажрыйбасы мол атайын инженерлери аткарышууда. Алар вахталык мөөнөт менен иш алып барышып, ар бир компаниянын жасап жаткан иштеринин техникалык, экономикалык негиздерин такташып, курулуш иштеринин сапатына дыкаат көзөмөл жүргүзүшөт.

 

Негизинен стандарт боюнча руда ташылуучу жолдордун туурасы 12 метр болуп, оор салмактагы жүк ташуучу автоунаалар бири бирине тоскоолдуксуз өтүшү шарт. Ошондой эле жергиликтүү айылдардын малчыларынын өтүшүнө, малдарды жайлоого айдоо убактысындагы коопсуздукту камсыз кылуу жагы дагы каралган. Жолдордун алдыңкы катмары оор жүк ташуучу автоунааларды жүгү менен көтөрүүгө ылайыкталып бекемделиши керек. Ошондой эле жолдордун тик жерлериндеги топурактар алынып ылдый түшүрүлүп тегизделип, ал эми бөксө жерлерине кошумча шагыл төгүлүп бийиктелет.  

 

"Жерүй" алтын кениндеги жол инфраструктурасы негизинен транспорттук жана технологиялык чынжырчалардан туруп, 5 участоко бөлүнгөн. Булардын ичинен учурда  алтынды казып алуучу жана өндүрүүчү комплекстерге кеткен жол чынжырчаларын куруу иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп курулуш иштерин 2018-жылдын аягында жыйынтыктоо пландалган. Мындан тышкары учурда иштөө шарты оор болгон тоо жумуштарына кирген карьералык жана технологиялык жолдордун курулушу дагы  жүргүзүлүүдө. Бул аймактарда иштин бүтүшү 2019-жылдын июнь айына каралган. Жалпысынан кендин аймагындагы 49,2 киллометр жолдордун курулушуна 527 миллион сом каралса, учурда бул сумманын 381,5 миллион сому сарпталды.

 

Бүгүнкү күндө “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому алтын өндүрүүчү фабрикадан сырткы карьералык руда ташуучу жолго чейинки 19,9 чакырым аралыктагы жолдун курулушун аяктап мамлекеттик коммиссиянын кабыл алуусуна даярдоодо. Аталган комиссияга мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин, мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын, мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин, “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү кирген. Эгерде комиссия компаниялар тарабынан аткарылган иштерден кемчиликтерди тапса аларды жоюга мөөнөт берип, ишти кайра жасатат.

 

“Жагалмай” ишканасынын Башкы директору Г. Зарипова өзүнүн интервьюсунда буларга токтолду. “Негизинен биздин ишкана тарабынан өтө эле көп көлөмдүү иштер жасалды. Жардыруу, жолдун катмарларын көтөрүү, бөксөртүү, бетондоо иштерин аягына чыгардык. Учурда жамгырдын, кар эригендеги сууларды жолдун жээги менен алып өтүүчү атайын каналдар, тосмолор жасалып көпүрөлөр орнотулууда. Биз үчүн Кыргызстандагы эң чоң экономикалык долбоор болгон “Жерүй” алтын кенинде иштөө сыймыктуу жана жооптуу. Биз ошол жоопкерчиликти сезип, бул жол менен жүрүүчү жарандардын коопсуздугун сактоону негизги вазийпабыз катары көрөбүз.”Альянс Алтын” компаниясы менен иштешүү биз үчүн абдан жеңил болууда. Анткени бул ишканада өз кызматына жоопкерчиликтүү мамиле кылышкан кесипкөй адистер иштешет.

 

Карьералык чарбалык багытта пайдаланылуучу технологиялык жолдордун катарына кирген толуу шарттагы карьерге кетүүчү жолдун курулушун “Унистрой” жоопкерчилиги чектелген коому ачык сынактын негизинде жеңип алган. Бул жол кендин аймагындагы жол инфраструктурасынын эң катаал бөлүгүнө кирет. Анткени жолдун курулушу бийик толуу, аба-ырайы катаал  шартта, серпантиндер аркылуу жүргүзүлөт. Дал ушул жол аркылуу оор салмактагы, чоң габаритүү атайын жүк ташуучу унаалар алтын өндүрүүчү фабрикага рудаларды ташыйт.

 

“Унистрой” ишканасынын жетекчиси С. Пхиденко жүргүзүп жаткан иштери туралуу буларды билдирди: “Биздин компания үчүн мындай оор шартта жол салуу иши өтө чоң жоопкерчилик, ошол эле учурда компаниянын прфесионалдуулугун иш жүзүндө тастыктоого мүмкүнчүлүк. Бул автоунаа жолу келечекте туура эксплуатацияланып, тейленип турса аба ырайынын оор шартына, чоң габаритүү авоунаалардын байма-бай каттоосуна  карабай  ондогон жылдар бою тынбай кызмат кылат деп кепилдик бере алам. Мен бизге буйрутма берген  “Альянс Алтын” компаниясына көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирем жана келечекте дагы башка объектилердин курулушу боюнча өз ара кызматташабыз деп ойлойм.                 

 

Жол курулуш иштериндеги дагы бир негизги иштердин бири бул аскалуу, таштуу аймактарда, серпантиндерде жол салууга тоскоолдук жаратуучу жерлерде  бургулоо жана жардыруу болуп эсептелет. Мындай жоопкерчиликтүү ишти жүргүзүү вазийпасы  “Би Джей Дриллинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна тийген. Бул ишкана дагы өз ишин 2019-жылдын июнь айына чейин аяктоону пландаган. Азыр иш бекитилген график боюнча жүргүзүлүп жатат.

 

«Би Джей Дриллинг» компаниясынын директору Качкын уулу Бакыт ишкана аткарып жаткан иштери боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:  "Тоо-кен тармагындагы бургулоо, жардыруу иштерин жүргүзүү биздин негизги ишмердүүлүгүбүз болуп саналат. Берилген иштин көлөмүнө жараша сапаттуу, өз убагында бүткөрүүгө аракет кылабыз. Ар бир иштин жүрүшү  “Альянс Алтын” компаниясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын инженерлери тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып турат. Биз келечекте “Альянс Алтын” компаниясынан дагы жаңы буйрутмаларды алууга, иштешүүгө даярбыз.

 

Лицензиялык келишимге ылайык “Жерүй” алтын кениндеги курулуш иштери 2019-жылдын март айына чейин толугу менен аяктап, “Альянс Алтын” компаниясы алтын өндүрүүчү фабриканы 50 пайыздык көлөмдө ишке киргизүүсү керек. Учурда компания тарабынан бул багытта баардык иштер КР мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүдө.