EN KG RU
"Жерүй" алтын кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын жана башка инфраструктуралык объектилердин курулушунун алкагында дагы бир жаңы объект курулуп бүттү

15.08.2018

2017-жылдын экинчи жарымында кендин аймагында автоунааларды күйүүчү май менен камсыздоо максатында 600 тонналык күйүүчү май сактоочу кампанын курулуш иштери башталган. Бул май сактоочу жана май куючу бекеттин негизги милдети кен казуу иштерине тартылган атайын оор техникаларды өз убагында үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздап туруу болуп саналат. Бул жайдын бир эле учурда 3 чоң жүк ташуучу автоунаага май кую мүмкүнчүлүгү бар.

Аталган жайдын жумушчу долбоору тажрыйбалуу “Промпроект” ачык акционердик коому тарабынан даярдалган. Ал эми курулуш-монтаждоо иштерин Кыргызстандык “Баден-Сервис” ишканасы өз учурунда сапаттуу жүргүзүп бүткөрдү. Курулуш иштерине негизинен Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары тартылган. Курулуштун жүрүшүндө кампаны ар түрдүү жаратылыш кырсыктарынан, өрт коопсуздугунан, адам өмүрүнө коркунуч келтирген башка жагдайлардан сактоо боюнча баардык жагдайлар эске алынып, бул багыттагы КР баардык мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптар аткарылды. Куруу иштерине Орусиялык өндүрүштөгү жабдыктар пайдаланылган. Жалпысынан бул жайдын курулушуна 70 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Планга ылайык бул жай толук кандуу ишке кирген учурдан баштап 15-20 адамды иш менен камсыз кылат.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында объект баардык бөлүктөрүндөгү жабдыктарды текшерип, иштетүү жолу аркылуу жумушчу комиссиясы тарабынан кабыл алынган. Эми август айынын экинчи жарымында жабдыктарды толугу менен эксплуатациялоого уруксат алуу максатында мамлекеттик комиссиянын кароосуна коюлат.