EN KG RU
«Жеруй» алтын кенин иштетүүгө жумшалган инвестициянын көлөмү 400 миллион АКШ долларынан ашат

08.10.2018

“Жерүй” алтын кени Кыргызстандагы эң чоң долбоорлордун катарын толуктайт жана аны ишке киргизүү үчүн керектелүүчү акча каражатынын көлөмү 400 миллион АКШ долларынан ашат.

Долбоорду ишке киргизүүдөгү буга чейинки чыгашалар толугу менен акционерлердин эсебинен жүргүзүлүп келген. “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому эми Кыргыз Республикасына эл аралык алдыңкы каржы институттарын тартуу менен долбоорду каржылоонун булактарын тышкы инвесторлордун эсебинен жүргүзүүнү пландоодо.

Долбоорду каржылоо иши Орусиянын эң ири банктарынын бири ВТБ банк аркылуу жүргүзүүлөрү пландалууда. Насыялык келишим ичине долбоорду узак убакытка каржылоону камтып 180 миллион АКШ долларын түзөт. Банктардын ишмердигинин дүйнөлүк практикасы боюнча көп жылдык ири көлөмдөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржы берүү акционерлердин кепилдигинин негизинде ишке ашырылат. Ошондой эле биздин учурда күрөөгө кою механизми КР “Күрөө жөнүндө” мыйзамынын жана “Кен байлыктар” жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесинин негизинде көзөмөлдөнөт. Долбоор жүгүртүүдө 8 миллиард АКШ доллар каражаты бар, дүйнөнүн 140 өлкөлөрүндө 40 миңден ашык кызматкерлери иш алып барган “Willis Towers Watson” эл аралык камсыздандыруу брокерлик уюму тарабынан камсыздандырылган.

“Жерүй” алтын кенин ийгиликтүү ишке ашыруу багытындагы жумуштарга ири тоо-кен комплекстерин, энерегиткалык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, долбоорлоо багытында көп жылдык иш тажрыйбасы бар эл аралык ири компаниялар тартылагн.

Алтынды кайра иштетүү комплексин куруу ишинде башкы подряддык ишкана катары Казахстанда, Түштүк африка республикасында жана Кыргызтанда өзүнүн өкүлчүлүктөрү бар эл аралык “AAEngineering Group” компаниясы ачык тендердин негизинде тандалып алынган.

Ал эми долбоордун инженердик ишин кен казуу тармагында консультациялык кызмат көрсөтүү багытында өзүн көрсөтө алган, дүйнөнүн 42 өлкөсүндө 26 миң кызматкерлери бар “Worley Parsons” эл аралык инжиниринг компаниясы аткарат.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө негизги салым кошуучу ири кендердин бири болгон Жерүй долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга жогорудагыдай дүйнөлүк наамдары бар тажрыйбалуу компаниялардын катышуусу эл аралык деңгээлде биздин өлкөнүн инвестициялык абалын жакшыртууга, дүйнөлүк рынокто өзүн ишенимдүү өлкө катары көрсөтүүгө, ошондой эле башка дагы ири инвесторлорду тартууга, экономикалык ишенимдүү өнөктөштөрдү табууга чоң өбөлгө түзөт.

Учурда кенди ишке киргизүүнүн активдүү фазасы башталды. Буга мисал катары Талас алтын кен комбинатынын көмөкчү инфраструктуралык объектилери болгон жумушчулар жатаканаларын, мейманкана, жылытуучу борбор, күйүүчү-майлоочу заттар сакталуучу кампа, төмөнкү кластердеги автожолдор, руда ташылуучу автожолдордун куруу-монтаждоо иштеринин аягына чыгарылганын айтсак болот. Азыркы убакта электр энергиясы менен камсыздоочу электр линияларын, көмөкчү чордондорду куруу-монтаждоо иштери аяктоо алдында турат.

Бүгүнкү күндө кендин аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш-монтаждоо иштерин көзөмөлгө алуучу мамлекеттик органдар тарабынан 28 курулуш иштерине уруксат кагаздары алынган. Мунун негизинде кендин аймагында 19 подряддык ишканалар иш алып барышууда. Аларда 327 кесипкөй адистер жана жумушчулар иштеп жатса, 126 атайын техника тартылган. Жалпысынан 25 объекте курулуш, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатса, алардын 9 пайдаланууга берилди.

“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому лицензия алган күндөн баштап Талас областын өнүктүрүүгө жалпысынан 770 миллион сом каражат жумшаган. Мунун ичинде 300 миллион сом “Бакубат Талас” фондусу аркылуу областын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө жумшалса, калган 470 миллион сом салык жана башка социалдык төлөмдөр аркылуу төлөнгөн.