EN KG RU
«Альянс Алтын» "Жер үй" кен чыккан жердин долбоорун сунуштады

01.07.2016

Кыргыз «Альянс Алтын» ЖЧКлары өтүп жаткан жылдын 1-июлунда Бишкек шаарында тегерек стол маегин курган жолугушууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын коомчулугунун өкүлдөрүнө "Жер үй" кен чыккан жеринде иштөө планын сунуштады. Биринчи кезекте сөз Жер үй долбоорун ишке ашыруунун социалдык жана экологиялык аспектилери жөнүндө болду.

Жолугушууга КР Өкмөт түзүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде Өнөр жай, энергетика жана кенди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков, КР Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев, Талас районунун акими Бакыт Нуржанов, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев жана Кенжебек Бокоевдер катышты.

Ал бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго каражаттарды чегерүүлөрдү, «Бакубат Талас» фонду боюнча иш-чараларды, жумушка жергиликтүү тургундарды кабыл алууну жана адистерди даярдоо программасын кошуу менен "Жер үй" кен чыккан жер долбоорун ишке ашыруунун эсебинен жасалып келген жана жасала турган Кыргыз Республикасынын, Талас областынын, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошо турган салымдар жөнүндө айтып берди. Эсеп боюнча долбоорду ишке ашыруу мезгилиндеги салык менен чегерүүлөр 32,6 млрд сомду түзөт. 1 миң жумушчу орундары пайда болот.

"Жер үй" кен чыккан жердин айлана-чөйрөгө таасири минималдуу болот, зыян келтирүүнү кыскартуу жана жаратылыш чөйрөсүн баштапкы калыбына келтирүү боюнча бардык зарыл чаралар кабыл алынат. Презентациядан кийин пикир алмашуулар болду.