EN KG RU
"Альянс Алтын" Таласта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мини-футбол боюнча мелдеш өткөздү

01.11.2018

Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Талас районуна караштуу Өмүралиев атындагы айыл аймагында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жерүй” алтын кенин иштетүүнү колго алган “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан кичи футбол боюнча мелдеш өткөзүлдү.

Мелдешке айыл аймагынын тургундарынан куралган, ар кайсы жашка тааандык экенине карата түзүлгөн 10 команда катышкан. 20 жаштан 50 жашка чейинки топ сүйүүчүлөрү майданга чыгышты.

Кызыктуу жана курч атаандаштыкта өткөн мелдештин жеңүүчүсү болуп 22 жашка чейинки жаштардан куралган команда табылды. 2-орунда 27 жашка чейинки, үчүнчү орунду 40 жаштан өйдө ветеран оюнчулар ээлешти.

Мелдештин катышуучулары “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан акчалай сыйлык катары бөлүнгөн каражаттын баарын айылдаштары Тынчтыкбек Алымкуловдун үй-бүлөсүнө берүү чечимин кабыл алышты. Аталган жарандын боору ооруп, Индияда аны алмаштыруу үчүн кымбат операцияга муктаж.