EN KG RU
Жардамга муктаж жарандар дайыма Альянс Алтындын колдоосунда

17.12.2018

Талас облусундагы Жерүй алтын-кенин иштетүү укугуна ээ болгон "Альянс Алтын" компаниясы жардамга муктаж болгон жергиликтүү тургундарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тарбияланып жатышкан атайын багыттагы мекемелерге жардам катары кышкыга көмүр түшүрүп беришти.

Маалыматка ылайык Талас районундагы, Талас шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана Кум-Арык айылында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеп-интернатын көмүр менен камсыз кылышты.

Андан сырткары, Бакай-Ата районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жатак үйүнө 15 миң сомго алынган курулуш материалдарын сатып беришкен. Анткени, мекеме электр энергиясы менен жылуулук алгандыктан, кызматкерлер көмүрдүн ордуна курулуш материалдарын сатып берүүнү өтүнгөн.

Эске салсак, "Альянс Алтын" компаниясы жыл сайын жергиликтүү карапайым калкка материалдык жардамдарды көрсөтүп келет. Быйыл эл аралык майыптар күнүнө карата жарыяланган бир айлыкты колдоо максатында компания өз эсебинен 140 миң сом каражат бөлүнгөн.