EN KG RU
М. Шубин: «Жерүйдөгү бардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кынтыксыз аткарып жана дүйнөлүк стандарттарды сактоо менен аткарылууда»

14.06.2019

Кыргызстандагы 20га жакын ММКнын өкүлдөрү Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев менен биргеликте аймактагы Жерүй кениндеги алтын ылгоочу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулуш иши менен таанышып кайтты.

“Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубин журналистерге жүрүп жаткан иштер менен кеңири тааныштырып өттү.

“Бүгүнкү күндө алтын ылгоочу фабриканын 45 пайызы бүткөрүлдү. 2018-жылы “Альянс Алтын” ЖЧК фабриканы жана калдык сактоочу жайды куруу үчүн казакстандык «ТОО ААЕngineering Group» компаниясы менен ЕРС-контракт түзүлүп, 2019-жылдын аягына чейин бүткөрүү планы коюлган. Биз жумуштун аткарылышынын сапатына катуу талап коюп, иштин жүрүшүн сутка боюн видео көзөмөл менен карап турабыз.

Жерүйдөгү бардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кынтыксыз аткарып жана дүйнөлүк стандарттарды сактоо менен аткарылууда. Айрыкча экологиялык-техникалык коопсуздука өзгөчө көңүл бурулат”-деди өз сөзүндө Шубин.

Журналистердин иш сапарында Чүй облусунан экологиялык экспертизалык топ менен бирге абанын, суунун, топурактын ж.б. табигый байлыктардын тазалыгын текшерүү иши менен таанышты.

Ал эми курулуштун дагы бир маанилүүлүгү бул калдык сактоочу жай. Кенден чыккан калдыктарды сактоо жана аны зыянсыздандырып жок кылуу негизги максат. Компаниянын башкы технологу Нурлан Мамырбаев бул процесс кандай ишке ашырылаарын төмөнкүчө баяндап берди.

“Калдык сактоочу жайдын аймагын атайын жогорку сапаттагы материал менен капталат. Биринчи геотекстили жаткырылып, анын үстүнө геомамбранды андан соң кайрадан геотекстилди жаткырабыз. Материалды Орусия, Кытайдан эмес дүйнөлүк стандартта эң жогорку сапатта деп эсептелген АКШдан алынып келинди. Бул биздин компаниянын келишимди аткаруудагы негизги убадаларыбыздын бири. Калдык сактоочу жайдын ар бир иш аракети коомчулуктун көзөмөлүндө болот”