EN KG RU
“Жерүй” өндүрүш аймагындагы регламенттин бузулушу

01.08.2019

“Жерүйдүн” өндүрүш аймагында жол курулушу менен алектенген подрядчик компания эреже бузганы аныкталды. Алар жолдун үстүнкү катмарын төшөп, таптагандан кийин жууган сууну туура эмес жерге төгүп салышкан. Грунттун курамы-чопо аралашкан таш-муздун калдыктар, кум жана кесек кумдан турат. Анын курамында бир дагы химиялык элемент жок. Ошондуктан Түш-Ашуунун боюндагы дарыяга кум, ылай аралашкан баткак аралашма төгүлүп кеткен.

Кетирилген кемчиликтер, бузулган регламент үчүн “Айлана чөйрөнү коргоо талаптарын эске алып Жерүй кенинде иштеген “Жагалмай” ЖЧКсына тиешелүү чаралар көрүлөт жана келишим боюнча милдеттенмелер тагылат. Кеп болгон аймакты Талас аймактык геологиялык тийиштүү органдар тактап айтканда ГИЭТБ жана ГАООСиЛХ мамлекеттик мекемелери текшерүүгө алып, ташталган баткак аралашманы каттоого алышты. “Жагалмай” ЖЧКсы аймакты кум, баткак аралашмадан тазалоо иштерин жүргүзөт.