EN KG RU
«Альянс Алтын» «Бирге коронавирусту жеңебиз» аттуу балдар үчүн сүрөт конкурсун жарыялайт

10.04.2020

«Альянс Алтын» ААК компаниянын кызматкерлеринин балдарынын арасында «Бирге коронавирусту жеңебиз» аттуу сүрөт боюнча конкур жарыялайт. Кокнкурстун максаты COVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүүдөгү сактануу боюнча маалыматты жогорулатуу.

Конкурс 2020-жылдын 10-25 апрелине чейинки аралыкта эки жаш курактагы группада өтөт: 4 жаштан 6 жашка чейин жана 7 жаштан 9 жашка чейинки курактагы балдар арасында.

Сүрөт конкурстун темасына туура келиши шарт. Иш ар кандай көркөм материалдар менен аткарылса болот: гел ручка, тушь, акварель, түстүү карандаштар, гуашь, май, ар кандай боектор, көмүр жана башкалар. Сүрөттүн оң жагынын астына аталышын, фамилиясын, атын жана баланын жашын көрсөтүү зарыл. Конкурска индивидуалдык иштер гана тартууланат. Башка бирөөнүн ишин көчүрүүгө, чаптагычтарды жана сүрөттрдү колдонууга тыюу салынат.

Ар бир категорияда 3 байгелүү орун тандалат жана 7 кызыктыруучу сыйлыктар каралган. Байгелүү фондго төмөндөгүлөр камтылган.

  • Биринчи орун — HAIER A914 ноутбугу;
  • Экинчи орун — Xiaomi Mi Note 2;
  • Үчүнчү орун — Kindle 9 электрондук китеби;
  • Кызыктыруучу сыйлыктар-китеп форматындагы балдар энциклопедиясы.

Конкурстук иштерди баалоонун критерийлери.

  • Конкурстун тематикалык багыттамасына шайкештиги;
  • Чыгармачылык ой жүгүртүүнүн жана ишти аткаруунун оригиналдуулугу;
  • Жумушту аткаруунун сапаты(композиция, түстүн берилиши, оформление).

Ата-энелер сүрөттү түзүүгө катышпайт. Эгер эреже бузулса сүрөт автоматтык түрдө конкурска катышууда чыгарылат.

Иш PDF, JPG же PNG форматында bagrova@alliance-altyn.kg же WhatsApp жана Telegram +996 554 310882 номерине ата-энеси-компаниянын кызматкеринин фамилия, аты-жөнүн камтып жөнөтүү керек. Сынактын аягында чыгармалар уюштуруучулардын карамагында калат.

2020-жылдын 10-25-апрелинде алынган бардык сүрөттөр «Альянс Алтын» ААКнын официалдуу Facebook баракчасына 2020-жылы 28-апрелде альбом түрүндө жогоруда көрсөтүлгөн жаш курактары боюнча жайгаштырылат; Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу күнү 28-апрелде конкурстун комиссиясы тарабынан ар бир жаш котегория боюнча 3 байгелүү орундар тандалат. 28-апрелден тартып 5-майга чейин Facebook баракчадан көрүүчүлөрдүн симпатиясынын белектери үчүн 7 ишке лайктардын саны боюнча интерактивдүү добуш берүү жүргүзүлөт.

Добуш берүү 5-майда 17:00дө аяктайт. Көрүүчүлөрдүн симпатиясы менен тандалган жеңүүчүлөр жана белектин ээлери компаниянын официалдуу Facebook баракчасына жана официалдуу http://www.alliance-altyn.kg сайтына жарыяланат. Бардык белектер атайын абал аяктаган соң жеңүүчүлөрдүн үйлөрүнө жеткирилип берилет.

Бардык балдарга ийгилик жана эргүү каалайбыз. Эң башкысы бардык коопсуздук эрежелерин сактагыла жана ден соолукта болгула!