EN KG RU
"Альянс Алтын" түптөлгөнүнүн 5 жылдыгын белгилеп жатат

02.06.2020

Бүгүн, 6-июньда тоо кен өндүрүүчү- “Жерүй” алтын кенинин иштетип жаткан “Альянс Алтын” ААКтын негизделгенине туура 5 жыл толду.

Биринчи жылы компанияда 10 киши гана иштесе азыр, биздин катарыбыз 388ге жетти!

Буларга менеджмент, тоочулар, электриктер, айдоочулар, техникалык жана административдик кызматкерлер, инженерлер жана механиктер, геологдор жана куруучулар, логистиктер жана жеткирүүчүлөр, экологдор, технологдор, кен казуучулар жана IT-бөлүм, коопсуздук кызматы, слесарлар жана энергетиктер, металлургдар жана темир ширеткичтер киерт. Компания ар бир кызматкерин баалайт жана жумушта эң жогорку ыңгайлуулукту түзөт. “Альянс Алтын” ААКнын кызматкерлеринин профессионалдуулугу жана эмгекти сүйгөндүгүнүн натыйжасында “Жерүйгө” гана эмес бүткүл өлкөнүн тоо кен өндүрүшүнө жана экономикасына баа жеткис салым кошуп жатышат.

"Альянс Алтын" компаниясы 5 жыл ичинде Кыргызстандын казынасына 708,4 млн сом, анын ичинен 133,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө которулду (соцфонд). “Альянс Алтындын” акционерлери “Жерүй” долбоорунда биринчи кезекте айлана чөйрөнү коргоого жана социалдык жоопкерчилике көңүл бурууда. Бул багытта ири масштабдагы жана так аныкталган иш чараларды өткөрүүдө. Бүгүн компания алтын ылгоочу фабриканы ишке киргизүү алдында турат жана Жерүй кенинен биринчи алтын куймаларын чыгарууну пландаштырууда. Ушул 5 жыл аралыгында “Альянс Алтын” Кыргыз Республикасынын мыйзамдагы принциптерин так карманууда жана дайыма бул багытты туз карманууда.

Куттуктайбыз, урматтуу кесиптештер!