EN KG RU
«Альянс Алтын» компаниясы өзү иш жүргүзгөн аймакка кыргоолдорду кое берди

19.12.2022

Разработчик золоторудного месторождения Джеруй компания "Альянс Алтын" запустила на территорию лицензионной площади фазанов.

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин аймагында 20 (жыйырма) жапайы кыргоол кое берилди. Алардын аймакта кое бирилишине кенди иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы кызыктар болуп, Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коому тарабынан ишке ашырылды. Аты аталган коом менен компаниянын ортосунда 2020-жылы “Жерүй” кенинин аймагында жаратылыштагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү тууралуу келишим түзүлгөн.

Түзүлгөн келишимдин негизинде үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин уруксаты менен Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы В. Мазер жана КРнын ЖРЭТКМнин облустук кызматкерлери А. Кутманов, Д. Давлетказиев, ошондой эле “Альянс Алтын” компаниясынын тийиштүү кызматкерлеринин катышуусунда жапайы кыргоолдорду кое берүү иши жүргүзүлдү. Кыргоолдор Кыргызстандагы “Семиреченский” (илимий аталышы) деп аталган түрүнө кирет. Алар Талас облусунун Манас районунан алынып келинген.

Эске сала кетсек “Альянс Алтын” компаниясы буга чейин Жерүй алтын кенинин аймагындагы Чоң-Чычкан, Түз-Ашуу сууларына форель балыгын жайылтууну максат кылып, кое беришкен. Андан тышкары Алтай жергесинен Таласка маралдардын алынып келишине демөөрчүлүк кылган.