EN KG RU
"Альянс Алтын" аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр берди

17.01.2023

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагындагы аз камсыз деп эсептелген 250 үй-бүлөгө бир тоннадан акысыз көмүр таратып берди. Бул тууралуу компаниянын Талас облусундагы өкүлү Кынатбек Сарчаев билдирди. Анын айтымында компанияга Бекмолдо айыл өкмөтү тарабынан айыл ичиндеги муктаж болгондорду көмүр менен камсыз кылуу сунушу түшкөн. Андан тышкары КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “өлкө аймагында катуу суук болот” деп билдирген. Ушул себептерден улам “Альянс Алтын” компаниясы өзүнө караштуу “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусу аркылуу бүгүнкү күндө 250 тонна көмүрдү алынып келип, Бекмолдо айыл өкмөтү менен биргеликте бир үй-бүлөгө бир тоннадан таратылды.

Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу төрт айыл бар. Акысыз көмүр Кара-Ой айылынан 100, Сасык-Булак айылынан 90, Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарынан 60 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылып берилди. Компаниянын мындай кам көрүүсүнө жергиликтүү бийлик жана айыл эли ыраазычылыгын билдиришүүдө; “Кыштын чилдесинде жетим-жерирлерге, жашоо шарты оор болгондорго бир тоннадан берилген бекер көмүр чындап эле чоң жардам болду. Өзүмдүн үй-бүлөбүздүн атынан “Альянс Алтын” компаниясына ырахмат жана иштерине ийгилик каалайм”, деди Кара-Ой айылынын тургуну Багдат АШЫРАЛИЕВА.

Демилгени көтөргөн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бири Алтынбек БОРУКЕЕВ: “Ушундай кыштын суук күндөрүндө айыл аймагыбыздагы элдерди ойлоп, акысыз көмүр таратып берген “Альянс Алтын” компаниясына, жетекчилигине чоң ырахмат. Былтыр да ушундай эле көмүр таратылган, бул кыштан аман-эсен чыгып алсак буйруса кийинки жылы дагы мындай жакшы саамалык уланат деп ишенебиз.

Кошумча маалымат катары: “Альянс Алтын” компаниясы өткөн жылы дагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана балдар үйлөрүнө акысыз көмүр тараткан. Мындан тышкары эки жылдан бери Талас облусуна арзан көмүр келип турушун камсыздоо максатында жеке тарап менен келишим түзүп кайтарымдуу негизде каражат бөлүп берип келүүдө.