EN KG RU
Таласта таштандылар кайра иштетилип чыгууда

22.02.2023

Мындай маалыматты Талас шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди. Маалыматта 2023-жылдын 20-февраль күнү “Эко Монтис” ЖЧК тарабынан таштандылар кайра иштетилип натыйжада алгачкы продукциялар Талас шаарынын мэриясына алынып келингени айтылат.

Ушул жылдын жай айларында Талас шаарында таштандыларды ылгоочу фабрика курула баштаган. Ага каржылык колдоону Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы көрсөтүп, пайызсыз, кайтарымдуу негизде 6 (алты) миллион сом каражат бөлүп берген.

"Эко Монтис" ЖЧКсынын алгачкы продукциялары мэрия муктаж болгон керектелүүчү буюмдар. Шаар башчысы Аскар Шабданов өз сөзүндө жер астындагы суу өтүүчү ачык чуңкурчалардын коопсуздугун жөнгө салуу максатында Талас шаардык «Таза суу» муниципалдык ишканасына пластикалык 50 даана капкак (люк) жана 400 даана калак (совок), 300 даана кийим илгич Талас шаарындагы мекеме ишканаларга, социалдык объектилерге ж.б. таратылып бериле турганын айтты. Андан тышкары ушундай завод-фабрикалардын ачылышына көмөк көрсөтүп, дайыма каржылык жактан ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн “Альянс Алтын” компаниясына жана анын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Эске сала кетсек, таштанды ылгоочу фабрика Талас шаарынан сырткары жайгашкан, Калба айыл аймагынын жерине курула баштаган. Долбоорду «Эко Монтис» ЖЧКсы сунуштаган. Долбоор ишке кирсе , айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө болоорун билгилешкен. Жыл айланбай долбоордун алгачкы үзүрүн шаардыктар көрө башташты. Мындан тышкары “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан кайтарымдуу негиздеги каржылык колдоолор ишканаларга, тактап айтканда кант, кирпич заводдоруна, тигүү цехтерине берилген. Бүгүнкү күндө ал ишканалар дагы ийгиликтүү иш алып барып, алгачкы продукциялары менен жергиликтүү социалдык мекемелерге өз жардамдарын көрсөтүп башташты.