EN KG RU
"Жерүй" алтын кенинин аймагына кайрадан жапайы кыргоолдор кое берилди

17.03.2023

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин аймагында дагы бир ирет 10 баш жапайы кыргоол кое берилди. Канаттуулардын аймакта кое бирилишине кенди иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы кызыктар болуп, Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коому тарабынан ишке ашырылды. Аты аталган коом менен компаниянын ортосунда 2020-жылы “Жерүй” кенинин аймагында жаратылыштагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү тууралуу келишим түзүлгөн.

Түзүлгөн келишимдин негизинде экинчи жолу Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин уруксаты менен Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Владимир Мазер жана “Альянс Алтын” компаниясынын тийиштүү кызматкерлеринин катышуусунда жапайы кыргоолдорду кое берүү иши жүргүзүлдү. Кыргоолдор Кыргызстандагы “Жетисуу кыргоолу” (илимий аталышы “Phasianus colchicus mongolicus”) деп аталган түрүнө кирет. Алар Талас облусунун Манас районунан алынып келинген.

Эске сала кетсек “Альянс Алтын” компаниясы 2022-жылдын декабрь айында Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго жогорудагыдай кыргоолдон 22 баш кое беришкен. Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Владимир Мазер “Альянс Алтын” компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2023-жылдын август айларында үчүнчү ирээт жапайы кыргоолдорду кое берүү иши жүргүзүлөөрүн айтты. Анын айтымында “Жетисуу кыргоолдору” аймакка бат көнүп, жашап кетүүгө жөндөмдүү. Кыргоолдун бул түрү КРнын кызыл китебине киргизилген эмес, бирок азыркы кое берилген Жерүй кенинин аймагында 2020-жылдан бери канаттууларга аңчылык кылууга тыюу салынган.

Компания өткөн жылы Чоң-Чычкан, Түз-Ашуу сууларына форель балыгын жайылтууну максат кылып кое беришкен жана Алтай жергесинен Таласка маралдардын алынып келишине демөөрчүлүк кылган.