EN KG RU
Жерүй кенинде "Жашыл мурас" акциясы уланууда

11.04.2023

2023-жылдын 7-апрель күнү Талас облусуна иш сапары менен келген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов, Жерүй алтын кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кендин аймагындагы республикалык “Жашыл мурас” акциясы менен өткөрүлүп жаткан көчөт отургузуу иш чарасына катышты.

Иш сапары менен келген министрдин орун басарын экологиялык коопсуздук маселеси кызыктырды. Компаниянын кызматкерлери министрликтин өкүлдөрүн кендеги алтын чыгаруучу фабрика, калдык сактоочу жай менен тааныштырып чыгышты. Министрдин орун басары Кубат Касеинов иш сапарынын соңунда жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, ишкана министрлик тараптан коюлган экологиялык коопсуздукту эл аралык стандартка келтирип жана жаңы технологияларды колдонуу менен экологияга терс таасирин берүүчү кубулуштарды жок кылып, лабораториялык анализдерди алып алар менен иш алып барып жаткандыгына ынанганын билдирди. Ошондой эле ишкананын ишмердүүлүгү ар дайым министрликтин көзөмөлүндө болуп, мониторингдер жүргүзүлүп турарын кошумчалады Касеинов.

Мындан тышкары Жерүй алтын кенинин аймагында министрликтин өкүлдөрүнүн катышуусу менен 2022-жылы КРнын Президентинин жарлыгы менен чыккан “Жашыл мурас” акциясынын алкагында 200 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Кенди иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясы өзүнүн өндүрүштүк аймагына бак-дарактуу өзүмдүктүн ондон ашык түрүнөн жалпы 2411 түп көчөт отургузганын билдирди.