EN KG RU
«Альянс Алтын» лицензия алды

08.09.2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги өтүп жаткан жылдын 28-августунда "Жер үй" кен чыккан жерди иштетүү максатында кендерди пайдалануу укугуна 2035-жылдын 28-августуна чейин иштөө мөөнөтү менен 4230 АЕ лицензиясын жана Жер үй аянтында геологиялык чалгындоо иштерин (ГЧИ) жүргүзүү максатында кенди пайдалануу укугуна 2020-жылдын 28-августуна чейин иштөө мөөнөтү менен 4231 АР лицензиясын «Альянс Алтын» ЖЧКсына («Восток-геолдобыча» ААКсынын туунду коомуна) берди.

Лицензиядагы макулдашууларга ылайык, «Альянс Алтын» лицензия берилген күндөн тартып бир жылдан кеч эмес мөөнөттө "Жер үй" кен чыккан жерди иштетүүнүн техникалык долбоорун даярдоого жана макулдашууга, иштетүү долбоорун макулдашкан күндөн тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө алтынды бөлүп алуучу фабриканы (АБФ) жана калдыктарды сактоо жайларын курууга киришүүгө, долбоорду макулдашкан күндөн тартып 18 айдан кеч эмес мөөнөттө АБФ менен калдыкты сактоо жайларын өндүрүштүк иштетүүгө киргизүүгө милдеттенет. Жер үй аянтында ГЧИ жүргүзүүнүн техникалык долбоору лицензия берилген күндөн тартып 6 айдан кеч эмес мөөнөттө даяр болууга тийиш.

"Жер үй" кен чыккан жерди иштетүү жана Жер үй аянтында ГЧИ жүргүзүү долбоорлоруна өндүрүштүк жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, кендерди коргоо жана акыл эстүүлүк менен туура колдонуу, андан ары мониторинг жүргүзүү менен жерлерди калыбына келтирүү (рекультивация) боюнча иштердин программалары киргизилет.

«Альянс Алтын» Жер үйгө лицензияны алгын күндөн тартып эки айдан кеч эмес мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү коомчулукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестицияларды жумшоонун программасын, калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу колдонууну, калкты кесиптик жактан даярдоону уюштурууну камтыган социалдык пакетти сунуштайт. Мында жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жыл сайын жумшалган инвестициялардын өлчөмү биринчи үч жыл ичинде 100 млн сомдон, андан кийинки жылдары ― 150 млн сомдон кем болбойт.