EN KG RU
"Альянс Алтындын" демилгеси менен Таласта масштабдуу ишембилик өтөт

20.06.2023

Мындай демилге Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан 16-июнь күнү Талас мамлекеттик университетинде уюштурулган “Коопсуз чөйрө - коопсуз өлкө” аталышында тегерек столдо айтылды. Тегерек столго Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн кызматкерлери, экологдор, илимий кызматкерлер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана бей өкмөт уюмдардын ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү да чакырылды. Катышуучулар Таластагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашты.

Тегерек столдо жөн гана көйгөйлөр айтылбай, аны чече турган сунуштарды берүү талап кылынды. Демилгенин максаты, Таластын табиятына коркунуч келтирген аракеттердин алдын алуу жана биргеликте иш алып баруу.

Экологиялык коопсуздукту камсыздоону ортого салган талкуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда Талас облусун жашылдандырууга, сууну үнөмдүү пайдаланууга, тазалоого, таштандылдарды сорттоого, өрт кырсыгынын алдын алууга жана токой аянттарын таза кармоого басым коюлду. Тегерек столдун катышуучулары облус эли катыша турган чоң ишембилик өткөрүүнү демилге кылышканын “Альянс Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кынатбек Сарчаев билдирди. Анын айтымында компания жайкы эс алуу мезгили аяктаган соң күз айларында Талас токойлоруна масштабдуу ишембилик өткөрүүнү пландап жатат. Ал президенттин облусагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте ишке ашырылат.

Аталган иш-чарда Жерүй алтын кенинин дагы экологияга тийгизген таасири тууралуу талкуу болду. Талкууга катышып жаткан экологдор компаниянын ишмердүүлүгү ар дайым көзөмөлдө болуп, текшерүүлөр жүргүзулүп келгенин жана 8 жыл аралыгында ири катачылыктарды кетирбегенин баса белгилешти. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашымов компаниянын экологиялык долбоорлорго жакын экенин айтып, жакында алтынды өндүрүүдөн чыккан калдыктардан курулуш материалдарын жасоо боюнча долбоор даярдалып жатканын жана аны биргеликте ишке ашыруу үчүн “Альянс Алтын” компаниясына сунуштама бере турганын кошумчалады.

Жыйынга катышып жаткан КРнын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директорунун орун басары Виктор Виноградов кендин аймагы келечекте калдыксыз өндүрүш болуп калаарын белгиледи: “Биз кен калдыктарын текшерип көргөнбүз. Эч кооптонуунун кереги жок. Себеби бул кен казып жаткан компания акыркы үлгүдөгү дүйнөдөгү жаңы технологияларды колдонот экен. Анан биз калдыктарды текшерүүгө алганда зыяндуу заттардын өтө аз деңгээлин аныктадык. Ошондон улам калдыктардан курулуш материалдарын тагырагы кыш чыгарса жакшы болот. Бара бара калдыктар пайдалуу материалга айланат. Жыйынтыгында кендин аймагы калдыксыз өндүрүш болуп калат», - деди Виноградов.

Тегерек столго чакырылган коноктордун ичинен жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер мындай ачык-айкындуулук туура кадам экенин баса белгилешти. Алардын бири активист Серен Шейшенов “Альянс Алтын” компаниясы өзү кызыкдар болуп, жакында эле облустун жарандарын, активисттерди кендин аймагына киргизип тааныштырганын айтты: “Компаниянын кенди иштетип жаткан өндүрүштүк аймагына жакында эле барып келдик. Абдан жакты, завод-фабрикаларында акыркы технологиялар колдонулуп, тегереги жашылдандырылган экен. Дээрлик баардык жерин көрүп чыктык. Бир дагы жерден тартип бузууну көргөн жокпуз. Чындыгында таң калдым, мындай деп ойлогон жок элек”, -деген Серен Шейшенов калдыктардын зыяндуулугунан чоочулап келген. Ал Жерүй кенине барганда өндүрүштөн чыккан калдыктардан курулуш материал чыгаруу планы бар экенин уккан. Ошондой эле калдык сактоочу жайдын саркынды суулар топтолуучу жеринен көнөк баштарды көргөнүн айтып, компаниянын коопсуз иш алып баруусуна, экологияга зыяндуу иштердин болбогонуна ынанганын айтты.

Эске сала кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы өзүнун ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөт. Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмү ар ай сайын “Жерүй Жарчысы” маалыматтык китепчелерин таратып турушат. Ал китепчеде компаниянын бир ай ичинде аткарган иштери, облусттун өнүгүүсүнө которулган каражатар, ишке ашкан долбоорлор ж.б.у.с баардык маалыматтар бар. Андан тышкары бийлик өкүлдөрү, жарандык коом, жергиликтүү тургундар, кызыктар тараптын баары менен тыгыз иштешип аларга ачык-айкын маалымат берип, кендин өндүрүштүк аймагына чакырып, тааныштырып турушат.