EN KG RU
Жерүй алтын кени иштеген аймакта бир күндө үч мекеме ачылды

22.01.2024

2024-жылдын 19-январь күнү Талас районунун Кара-Ой айылында жаңы маданий-спорт комплексинин, 30 орундуу кийим тигүүчү цехинин жана реконструкцияланган айыл музейинин ачылышы болуп ѳттү. Иш чарага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, жергиликтүү бийлик жетекчилери, “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.

1927-28-жылдары курулган “Көк Арык” орто мектебинин алгачкы имараты “Айыл тарыхы” музейи болуп реконструкцияланды. Капиталдык ромонттоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 6,3 миллион сом бѳлүнгѳн.

Ошол эле Кара-Ой айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 43,2 миллион сомго маданий спорт комплекси курулган. Волейбол, кичи футбол, баскетбол менен машыгууга жана башка спорттук-маданий иш чараларды ѳткѳрүүгѳ бардык шарттар каралган.

Муну менен катар аталган айылда кийим тигүүчү ишкана ишке кирди. Ишкана инвесторлор тарабынан курулган. Жерүй кениндеги жумушчулардын атайын кийимдерин тигүүчү “Айко Сейко” фабрикасына кенди иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги тарабынан жергиликтүү аймакка кийим тигүү цехин ачуу сунушталганын компаниянын өкүлү Кынатбек Сарчаев билдирди. Анын айтымында “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү аймактын өнүгүшүнө жана тургундардын иш менен камсыз болушуна кызыктар.

Салтанатуу ачылышка катышкан КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджети эл муктаждыгы үчүн пайдаланылып жатканын айтты. “Бекмолдо айыл өкмөтүнө каржылык чоң колдоо бул “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан болот. Салыктар жана жергиликтүү аймакты жакшыртуу боюнча атайын которулардын эсебинен, айыл өкмөттүн казынасы толукталып турат. Ачылган мекемелер элибиз үчүн кызмат кылат деп ишенебиз. Бир күндө үч чоң ачылыштын болушу менен 2024-жыл жакшы башталды”, - деди облус жетекчиси Дарданов.

Эске сала кетсек Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясы салыктардан тышкары «Акчалай пайдадан 2% өлчөмүндө жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата» беренеси боюнча бүгүнкү күнгө карата Бекмолдо айыл аймагына өнүктүрүү фондуна 216,4 миллион сом которгон. Ушул эле берене менен Талас облусун өнүктүрүү фондуна 540,9 миллион сом, Талас райондук өнүктүрүү фондусуна 324,5 миллион сом которгон.