24.07.2024
«Альянс Алтын» ЖЧКсынын алтын чыгаруучу фабрикасынын кызматкерлери Виктор Бережнов жана Илья Борисычев КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сыйлыктарына ээ болушту.
Алардын талапкерлигин Кыргызстандын тоо-кен металлургиясы кесиптик бирикмеси сыйлыкка көрсөткөн жана «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилиги менен макулдашылган. Сыйлыктарды Металлургдар күнүнө карата «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов тапшырды.
Ал кызматкерлерге өз ишин чын ыклас менен аткаргандыгы, кесипкөйлүгү жана компаниянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалады.