EN KG RU
«Альянс Алтын» компаниясында кызматкерлер арасында V спартакиада өткөрүлдү

22.07.2024

«Альянс Алтын» компаниясында кызматкерлер арасында Металлургдар күнүнө карата кезектеги спартакиада өткөрүлдү. Командалар «Спорт аркылуу биримдикке!» деген ураан астында күч сынашты.

Спартакиаданын негизги максаты – командага дем берүү, жамааттагы ынтымакты жана өз ара түшүнүүнү бекемдөө, спортту жана дени сак жашоо образын жайылтуу. Программага спорттун ондогон түрү киргизилген. Тогуз-коргоол, ордо, аркан тартыш жана башка улуттук оюндарга өзгөчө көңүл бурулган. Жеңүүчү жана кубоктун ээси «Достук» айдоочулар командасы болду.

Белгилей кетсек, тоо-кен өнөр жайынын кызматкерлеринин иши оңой эмес, жана «Альянс Алтын» алардын иш күндөрүн ар түрдүү кылууга аракет кылат. Ишканада спорттук аянтчалар, машыгуу залдары курулган жана кызматкерлер бош убактысында ал жерлерде машыгышат.