EN KG RU
Шумкар-Уяда 5 күн катар күрөш өттү

01.05.2025

Шумкар-Уя айыл аймагында эркин жана грек рим күрөшү боюнча "Асанбек Оторбаев - Шумкар уя" эл аралык турнири башталды. Турнир 2-6- майга чейин уланат.

Мелдешке Талас облусундагы , өлкө аймагындагы жана коңшу Казакстан, Өзбекстандан келген жаш өспүрүм балбандар катышууда .Болжолу менен 900гө жакын жаш балдардын катышуусу күтүлүүдө.

Эл аралык турнирди Шумкар-Уя айыл өкмөтү уюштуруп, "Альянс Алтын" компаниясы башкы демөөрчү болуп, каржылык колдоо көрсөттү.

Жаштарды спортко чакырган иш-чара Советтер союзунун баатыры Асанбек Оторбаевдин 100 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Белгилей Асанбек Оторбаев атындагы турнир 25 жылдан бери токтоп калган. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен кайра жанданып , 2024-жылдан бери уюштурулуп келүүдө.