07.03.2025
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Талас шаарында салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага 300 гө жакын айым чакырылды. Ишинде ийгилик жаратып, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, саламаттыкты сактоо, билим берүү,маданият, спорт жана башка тармактарга зор салым кошуп келаткан айымдар “Талас шаары -80 жыл” төш белгиси жана ыраазычылык каттары менен сыйланды. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан атайын белектер тапшырылды.
Шаар бийлиги айымдарды куттуктап, алардын коомдогу, үй-бүлөдөгү ордун жогору баалап, таазим кылды.
Айымдарга арналган маданий иш-чара шаардык кеңештин колдоосу менен мэрия тарабынан уюштурулду.
Айымдарды “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду да куттуктап, иш-чараны уюштурууга демөөрчүлүк кылды.