EN KG RU
“Бакубат Талас өнүктүрүү” фондусу өтө муктаж деп табылган 5 долбоорго 4 млн. сомдук каржылык жардам көрсөтүүдө

Өзүнүздөргө маалым болгондой “Бакубат Талас өнүктүрүү” фондусу “Жерүй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун Талас областынын жашоочуларынын алдындагы социалдык-экономикалык жоопкерчилигин натыйжалуу түрдө ишке ашыруу максатында,  2015-жылы Талас областтык  юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлгөн. Биздин компания 6 жыл аралыгында фондго 600 млн. сом акча каражатын түшүрүүнү пландаган. Быйылкы жылдын эсебинен 100 млн. сом фонддун эсебине келип түшүп, областын жашоочулары тарабынан түзүлгөн жаңы жумушчу орундарын түзүү багытындагы долбоорлор АКБ “Кыргызстан” банкы аркылуу 8 пайыздык өлчөм менен каржыланууда. Аталган каражаттын 70 пайызын банк аркылуу  экономикалык, айыл-чарба багытындагы долбоорлорго, калган 30 пайызын фонд аркылуу атайын байкоочу кеңештин чечими менен социалдык долбоорлорго жумшоо чечими жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылган. Башында биздин компания Талас областында иш алып барып жатышкан баардык банктарга пайыздык өлчөмдөрдү аныктоо боюнча тендер жарыялап, анда эң аз 10 пайыздык көлөмдү АКБ “Кыргызстан” банкы сунуштап, тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган. Кийин карапайым эл үчүн 10 пайыздык көлөм дагы оорчулук келтирерин анализдеп чыккандан кийин биздин компания пайыздык төлөмдөрдүн өлчөмүн дагы эки пайызга азайтуу туралуу банк жетекчилигине кайрылганбыз. Алар дагы элдин учурдагы абалын эске алуу менен туура чечим кабыл алышып,  пайыздык өлчөмдөр 8ге чейин төмөндөтүлдү. Мындай төмөнкү пайыз менен элдин долбоорлорун колдоого алып жаткан Кыргызстандагы жалгыз компаниябыз десек жаңылбайбыз. Бүгүнкү күнгө 8 пайыздык өлчөм менен 29 млн. сомдук айыл-чарбасын өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү багытындагы долбоорлор каржыланды.  

 

Фонд түзүлгөн учурдан баштап биз жергиликтүү  мамлекеттик бийлик органдарына фонддун Байкоочу кеңешине депутаттардын жергиликтүү кеңештери аркылуу  жоопкерчиликтүү адамдарды тандап сунуш берүүлөрүн суранып кайрылганбыз. Кеңештин курамына  областын баардык аймактарынан өкүлдөрдүн  киргизилиши шарт болгон. Бүгүнкү күнү 7 адамдан турган Байкоочу кеңештин курамы толук түзүлүп бүтүп, 30-ноябрда биринчи жыйыны өттү. Анда кеңештин мүчөлөрү фонд түзүлгөн күндөн баштап областын жашоочуларынан, мекеме-ишканалардан, коомдук уюмдардан түшкөн социалдык багыттагы каржылык колдоо көрсөтүү боюнча арыздарды карап чыгышып,  өтө муктаж деп табылган 5 долбоорго 4 млн. сомдук  каржылык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Эскерте кетчү нерсе социалдык долбоорлорду колдоого берилген бул каражаттар кайтарымсыз негизде берилет.