EN KG RU
«Бакубат Талас» фондусунун 2017-жылдын 1-мартына карата аткарган иштери боюнча маалымат

 

2016-жылы 16-сентябрда КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен түзүлгөн келищимдин алкагында 2017-жылдын 1-мартына карата Талас облусунда кичи жана орто ишкерликти, айыл чарба тармагын колдоо, социалдык тармактын ишин жакшыртуу  максатында “Бакубат Талас” фондусуна бөлүнгөн 100 млн. сомдун ичинен  банк  тарабынан «Бакубат» кредиттик багыты боюнча 225 кишиге 8 пайыздык үстөк менен жалпы суммасы 60 950 000 сом жеңилдетилген  кредит берилген. Анда негизинен Талас облусунда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө, кошумча жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана кайра иштетүү тармагын жандандырууга артыкчылык берилет. Мунун ичинен:

·         Кичи жана орто бизнести колдоо багытында 53 ишкерге  33 500 000 сом.

·         Айыл чарбасын өнүктүрүү багытында 172 дыйканга 27 450 000 сом берилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн каржылык колдоонун негизинде облус аймагында 58 жаңы жумушчу орундары  түзүлдү  Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө насыялар 200 000 сомдон 2 200 000 сомго чейинки суммада берилген. 

 Келишимде көрсөтүлгөндөй фондго бөлүнгө 100 млн. сомдун 30 пайызы же 30 млн. сому облустагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат. Фонддун Байкоочу кенешинин 2016-жылы 30-ноябрь жана 28-декабрдагы отурумдарында кабыл алынган чечимдерин аткаруу максатында фонд тарабынан төмөнкү социалдык долбоорлор каржыланды:

  «Наристе» балдар бакчасынын капиталдык оңдоп-түзөө долбоору.

 Манас районунун Талас айылындагы «Наристе» балдар бакчасын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине Байкоочу кенештин 2016-жылы 30- ноябрдагы отурумунун чечими менен 306 910 сом бөлүнүп берилген.

Жылытуучу конвекторлор, электр плитасы сатып алынып коюлган, имараттын ичинде шыбак иштери жасалган, терезелерге кошумча айнектер салынып, бөлмө аралык эшиктер коюлган жана электромонтаждык жана башка ондоп-түзөөчү  иштер аткарылган.  Бала бакчада капиталдык ремонттон кийин балдар үчүн кошумча топтор ачылган. Ошондой эле, жакын арада жаны жумушчу орундар дагы түзүлмөкчү  (тарбиялоочулар жана бала кароочулар учун кошумча орундар) 

Мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн «Аяр Жан» реабилитациялык борборун ачууга жардам көрсөтуу долбоору.

Кара-Буура районундагы мүмкүнчүлүгү  чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборду ачууга Байкоочу кенештин 2016-жылы 30- ноябрдагы отурумунун чечими менен 281 510  сом бөлүнүп берилген. Долборду аткаруунун алкагында төмөнкү  эмеректер жана турмуш-тиричилик техникасы сатып алынып берилген:  ашкана эмереги, ашпозчунун столу, компьютер столу, мойка, кир жуугуч машина-автомат, «Аристон» суу жылыткычы.  Жалпы 182 610 сом суммасында санитардык-техникалык иштер, суу түтүктөрүн, гүлдөргө тосмолорду орнотуу иштери аткарылган жана темир дарбаза менен бастырма орнотулган. Аба-ырайынын суук болушуна байланыштуу эшиктин алдын цементтөө жана фундамент куюуу, дарбазаны сырдоо жана кашааны орнотуу, иштерди сапаттуу аткарылышы үчүн 2017-жылдын жаз айларына калтырылган.

Согуш жана эмгек ардагерлеринин Талас облустук ооруканасынын имаратынын айнек жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоор.

Согуш жана эмгек ардагерлеринин Талас облустук ооруканасынын имаратынын айнек жана эшиктерин алмаштырууга Байкоочу кенештин 2016-жылы 30- ноябрдагы отурумунун чечими менен 1 миллион 500 мин  сом бөлунуп берилген. Жыгач терезелерди ажыратуу иштери аткарылып, металлопластик блоктор жана витраждар, эни 20-40 см  ПВХ терезе текчелери орнотулган.Учурда ички жана тышкы боорун тегиздөө, шыбоо жана дубалдарын сырдоо иштери аткарылып жатат.

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүн жогорку ылдамдыктагы интернетке кошуу жана веб-сайтын жасоо долбоору.

Өкүлчүлүктү  жогорку ылдамдыктагы интернетке кошуу жана веб-сайтын жасоого Байкоочу кенештин 2016-жылы 30- ноябрдагы отурумунун чечими менен 119 056  сом бөлүнүп берилген.   Долбоорду аткаруунун алкагында «Кыргызтелеком» ААК ТОФ менен 2016-жылы 1-декабрда КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүн жогорку ылдамдыктагы интернетке кошуу боюнча 52 491 сомго келишим түзүлгөн, жана ошондой эле подрядчик менен 2017-жылы 9-анварда өкүлчүлүктүн веб-сайтын иштеп чыгып, жасоого 45 500 сомго келишим түзүлгөн. Учурда жаны сайтка маалыматты жүктөө иштери жүрүп жатат.

Бакай-Атадагы кары-картандардын жана мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемесинин мончосун капиталтык оңдоп-түзөө добоору.

Бакай-Атадагы кары-картандардын жана мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемесинин мончосун капиталтык оңдоп-түзөөгө Байкоочу кенештин 2016-жылы 28-декабрдагы отурумунун чечими менен 950 000 сом бөлүнүп берилген. Мончонун чатыры алмаштырылган. Учурда дубалдарын кырып, кайра шыбоо иштери аткарылып жатат.

«Барчын» балдардын эс-алуу борборунун чатырын оңдоо долбоору.

«Барчын» балдардын эс-алуу борборунун чатырын капиталдык оңдоого Байкоочу кенештин 2016-жылы 28-декабрдагы отурумунун чечими менен 1 миллион сом бөлүнүп берилген. Жалпы  948 910 суммадагы сомго иштер аткарылган: корпустардын чатырлары алмаштырылып, суу аккыч түтүктөр, кар тоскучтар орнотулду. Эс алуу борбору Талас районунда жайгашкан.

Талас облустук ИИБнын кызматкерлери үчүн 2 батирдик кызматтык үйүн куруу долбоору.

Талас облустук ИИБнын кызматкерлери үчүн 2 батирдик кызматтык үйүн курууга  Байкоочу кенештин 2016-жылы 30- ноябрдагы отурумунун чечими менен 2 748 973 сом бөлүп берүү  бекитилген.

Талас облустук ИИБгы учун 2 батирдик кызматтык үйүн куруу боюнча «Bivicom Ltd» ЖЧКсы тарабынан «SIPwall» (Экопан-Иванова) компаниясы менен биргеликте  сунущталган Канадалык технология менен СИП панелдеринен үйлөрдү  куруу боюнча эскиздик долбоор каралып жатат.