EN KG RU
«Альянс Алтын» компаниясы, «Бакубат Талас» фондусу менен Талас шаарында милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үй куруп берди

Талас облусунун тургундары үчүн социалдык пакетти ишке ашыруу максатында “Альянс Алтын” компаниясы, “Бакубат Талас” фондусу,  Талас областтык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн эки батирлүү кызматтык үй куруп беришти. Талас областтык ички иштер башкармалыгынын кайрылуусунун негизинде  Фонддун байкоочу кеңешинин чечимине ылайык 2017-жылдын март айында үй курууга 3035227 сом каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин башынан аягына чейин жүргүзгөн “Bivicom Ltd”  жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан  каражатты максаттуу пайдалануунун жыйынтыгында алты ай аралыгында курулуш иштери сапаттуу жүргүзүлүп,  15-сентябрь күнү кызматтык үйдүн салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшундө  көптөгөн жылдардан бери областтык ички иштер органдарында кызмат кылып үй алуу үчүн кезекте турушкан кызматкерлер ага лейтенант Нурлан Ташматов менен капитан Анзор Хасанов  батирлердин ачкычтарын алышты. Майрамдык салтанатка КР Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д. Кенекеев, “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директорунун орун басары К. Мусаев, Талас областык ички иштер башкармалыгынын башчысы И. Касымбаев, ички иштер органдарынын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты. Талас областтык ички иштер башкармалыгынын ардагерлери “областыбызды акыркы 40 жыл аралыгында биринчи жолу милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үй курулгандыгын кубануу менен белгилешип, “Альянс Алтын” компаниясына, “Бакубат Талас” фондусуна ыраазычылык билдиришти.