EN KG RU
Альянс Алтындын Талас облусундагы ички иштер болүмдөрүнө көргөзгөн демөөрчүлүгү

 "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан негизделген  "Бакубат Талас" фондусунун демөөрчүлүгү менен Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жаңы заманбап имарат курулуп ишке берилди. Жаңы имаратта күн-түн нөөмөттөгү кызматкерлер үчүн заманбап жуунуп тазалануучу жай, ашканасы кошо курулган.    “Бакубат Талас” фондусунан бөлүнүп берилген 2 миллион 300 миң сом акча каражатына мындан тышкары райондук бөлүмдүн башкы имараты толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлсө,  ушул эле районго караштуу "Чат Базар" милиция бөлүмчөсүнүн имаратына жаңы жылытуу системасы орнотулуп, пластикалык терезелер коюлду. Жаңы заманбап имараттардын ачылышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун орун басары К. Мусаев, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К. Осмонбеков, Талас районунун акими Б. Нуржанов, Талас областык ички иштер башкармалыгынын башчысы И. Касымбаев жана ардагер кызматкерлер, райондун тургундары катышты. Милиция кызматкерлерине  “Альянс Алтын” компаниясынын атынан тамак жылытуучу атайын каражаттар белеке берилди.

Мындан тышкары “Бакубат Талас” фондусунун каржылоосу менен областагы Кара-Буура, Манас райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн имараттары дагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат.