EN KG RU
“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому негиздеген “Бакубат Талас” фондусу Талас облусунун социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө негизги күч болууда

     

 “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан негизделген «Бакубат Талас» фонду Талас областы боюнча аймактын баардык райондорун камтыган социалдык пакетин сунуштоону улантып жатат.   Акыркы айда эле ар түрдүү тармактар боюнча бир нече долбоорлор аяктады, анын ичинде билим берүү, саламаттыктык сактоо, маданият жана укук коргоо органдарынын мекемелери бар. 

      Негизинен марттын соңунда Талас районундагы К.Каимов атындагы орто мектепке компьютердик класс үчүн жабдуу жана эмерек алынды: 10 комплект компьютерлер, 2 принтер, проектор, интерактивдуү доска, ноутбук, компьютер столдору, стеллаждар. Мектеп ашканасына оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы пластик терезелер, суу жылыткычтар, раковиналар алынды.        Баардыгы болуп К.Каимов атындагы орто мектепти оңдоону ишке ашырууга  500 миң сом керектелди. 


Ушул эле мезгилде атайын ыраат менен автоунаа тиешелүү медициналык жабдуулар менен жабдылып  жана Долоно айыл округундагы № 4 ГСВга берилди. Ал   Талас районунун беш айылын жана “Манас Орто” улуттук комплексин тейлейт. Аталган долбоорго 400 миң сом коротулду.  

 

Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы № 1 «Наристе» бала бакчасынын имаратына оңдоо иштери жүргүзүлдү. Аталган долбоорго ремонт иштери аткарылып, бала бакчанын баардык бөлмөлөрүндөгү эски терезе-эшиктер алынып, жаңы пластик терезе-эшиктер салынды. Ушул эле райондогу Туйто айылындагы  С.Кочорбаев орто мектебин ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоор бүткөрүлдү.   


Манас району боюнча эки долбоор ишке ашырылды: Покровка айылындагы Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына жаңы чатыр жабылды. Бул иштерге 389, 8 миң сом сарпталды. Манас райондук маданият бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого 260 сом керектелип, ага заманбап музыкалык жабдуулар алынды.  


Кара-Буура районунда Суулу-Маймак айылынын борбордук көчөлөрүн жарык менен камсыздоо боюнча долбоор аяктады. Негизинен көчө жарыгы үчүн 63 темир түркүктөрүнө жарык диод лампалары менен коюлуп, электр менен камсыздалды. Мындан тышкары жергиликтүү райондук администрациянын имаратындагы суу түтүк түйүндөрүн оңдоо боюнча долбоор аяктады. Баардыгы болуп Кара-Буура району боюнча аталган долбоорлорго 1 миллион сомдон ашык каражат коротулду.         


Мындан тышкары жакын арада «Бакубат Талас» фонду тарабынан жалпы суммасы  6 296 973 сомго 10 социалдык долбоорду аяктоо пландалып жатат.