EN KG RU
«Альянс Алтын» компаниясы негиздеген “Бакубат Талас” фонду Талас облусунун жаш спортчуларына кам көрүүдө

Талас облусунан мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасына жолдомо утуп алышкан 207 жаш спортчуларга “Бакубат Талас” фондусу 200 миң сом колдоо көрсөтүп, жалпы оюнчулардын параддык формасын, оюндардын түрлөрүнө карата атайын спорттук формаларды жана керектүү спорт жабдыктарын беришти.

Буга байланыштуу жаш спортчуларды спартакиадага узатуу иш-чарасы  Талас шаарындагы А. Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин чоң жыйындар залында өткөрлдү. Ага КР Өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Жаркыналиева, “Альянс Алтын” ЖЧКнын башкы директорунун орун басары, “Бакубат Талас” фондусунун Байкоочулар кеңешинин төрагасы К. Мусаев, областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы М. Мамбеталиев катышып балдардын жеңиш менен кайтууларына шык беришип, калоо-тилектерин айтышты.

Эскерте кетсек “Бакубат Талас” фонду буга  чейин “Көк Бөрү” боюнча Талас районунун “Бакубат Талас” командасын каржылап, жаңы форма менен камсыз кылган.  Жыйынтыгында Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы “Ак Кула” ат майданында  өткөрүлгөн мелдеште Талас районунун Көк Бөрүчүлөрү биринчи орунду багындырышып, баш байге “Нива”  автоунаасын жеңип алышкан. “Бакубат Талас” фондусу тарабынан 2016-2018-жылдар аралыгында Талас облусунун спорт тармагын өнүктүрүү максатында 7 108 312 сомдук 27 долбоор ишке ашырылган.