EN KG RU
«Алтын-Альянс» компаниясы Таластагы «Барчын» лагеринин чатырын жаптырып, керебет, төшөнчүлөрдү алып берди

«Алтын-Альянс» компаниясы негиздеген «Бакубат Талас» фонду «Барчын» лагеринин имаратынын чатырын жаптырып, керебет, төшөнчүлөр менен камсыз кылды. Бул тууралуу аталган фонддун Талас облусундагы жетекчиси Абданбек уулу Белек билдирди.

Анын айтымында, аларга жайкы эс алуу лагеринин жетекчиси Ырыс Раимкулова жардам сурап кайрылган. Анда лагердин ичиндеги керебет, төшөнчүлөрдү алмаштыруу керектигин айткан. Лагерь эгемендүүлүк алган жылдан бери оңдоодон өткөн эмес. «Бакубат Талас» фондунун байкоочу кеңешинин отурумунда бул маселе каралып, жардам берүү чечими кабыл алынып, 400 миң сомго 120 даана керебет жана ага төшөнчүлөр, атайын керектүү жабдыктар алынып берилди.

Ал эми «Барчын» балдардын жайкы лагеринин жетекчиси Ырыс Раимкулованын айтымында, бул лагердин имаратынын курулганына 58 жыл болду. Акыбалы абдан начар болгондуктан жамгыр жааганда чатырынан суу акчу.

«Ар бир жерине идиштерди тосуп айлабыз кетчү. 2017-жылы «Бакубат Талас» фонду тарабынан имараттарыбыздын чатыры жабылды. Быйыл 120 керебет, төшөнчү, жабдыктар менен алып беришти. Фондго терең ыраазыбыз. Балдар үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Мен лагерди 2007-жылдан бери жетектеп келем. Жылына 180 баладан турган 3-4 тайпа эс алат. Бүгүнкү күндө биринчи тайпанын 180 баласын кабыл алдык», - деди ал.