EN KG RU
"Альянс Алтын" компаниясы социалдык жактан жардамга муктаж болушкан балдарды колдоосун улантууда

"Жерүй" алтын кенин иштетүү укугуна ээ болгон "Альянс Алтын" компаниясы Талас облусу боюнча социалдык жактан жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоого алуусун улантып 150 бала үчүн бекер жайкы эс алуу уюштурду.

9-августа балдар Талас дарыясынын жээгинде жайгашкан "Барчын" эс алуу лагеринин 4-бөлүгүнө эс алууга киришти. Бул үчүн облустун бардык аймактарынан жана Бекмолдо айыл өкмөтүнөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 150 бала тандалып алынган. Тандоо иштери жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта жүргүзүлдү. Балдардын тамак-ашы, жол киреси жана эс алуусу толугу менен "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан негизделген "Бакубат Талас" фондусунун эсебинен жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 40 жыл мурун ишке берилип андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн бул жайга "Бакубат Талас" фонду тарабынан эки жылдан бери жакындан жардам берилип келет. Мисалы, 2017-жылы фонд тарабынан 1 миллион сом бөлүнүп, лагердин жатак корпустарынын чатырлары жаңыртылган. Мындан тышкары ушул эле жылы "Бакубат Талас" тарабынан дагы 500 миң сом каражат берилип, областын баардык аймактарынан, Бекмолдо айыл өкмөтүнөн турмуш шарты начар үй-бүлөлөрдөн 180 бала жайкы каникул учурунда бекер эс алдырылган.

Ал эми 2018-жылы фонд тарабынан дагы 400 миң сом каражат бөлүнүп, лагерге 100 жаңы керебеттер, 120 жууркан төшөктөргө шейшептер сатылып алынып, балдардын эс алуусуна жакшы шарттар түзүлдү. Ошондой эле фонд балдардын жайкы эс алуусуна деп дагы 594 миң сом бөлүп, областын баардык аймактарынан, Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 150 турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары бекер эс алып жатышат.

10-август күнү балдардын эс алуусунун официалдуу ачылышына арналган атайын иш-чара Альянс Алтын" компаниясынын башкы директорунун орун басары К. Мусаев, "Бакубат Талас" фондунун директору Абданбек уулу Белек, журналистердин катышуусунда өткөрүлдү. Эс алууга келген балдар өз курактарына жараша "Манас", "Барчын", "Келечек", "Талас" тайпаларына бөлүнүшүп, эс алуунун башталышына карата өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү балдарга балмуздак, суусундуктарды тартуу кылуу менен буйруса мындан ары дагы лагердин материалдык базасын чыңдоого жакындан жардам кылышарын билдиришти.

Аталган жайдын жетекчиси Ырыс Райымкулова өз кезегинде "Альянс Алтын" компаниясына, "Бакубат Талас" фондусуна балдардын атынан терең ыраазычылык билдирип, балдардын толук кандуу эс алуусу үчүн педагогикалык жамаат болгон күч аракетин, тажрыйбасын жумшаарына ишендирди.