EN KG RU
"Альянс Алтын" жоопкерчилиги чектелген коомунун 2018-жылдын биринчи жарымындагы аткарган иштери тууралуу маалымат

1. Жалпы курулуш жумуштары

Курулуш иштери башталгандан бери “Жерүй” кениндеги курулуш-монтаждоо жумуштары түрлүү 19 объектиде жүргүзүлүүдө жана алардын 5сү пайдаланууга берилди. 2018-жылдын биринчи жарымында “Альянс Алтын” ЖЧК жумуш аткаруучулар катары 50 юридикалык жана жеке жактар менен ар түрдүү курулуш жана геологиялык чалгындоо жумуштарын, айлана чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө жаңы келишимдерди коштоо, автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, кыртыштын жана суунун сапаттарына экологиялык мониторинг жүргүзүү, техникаларды, жабдуулар менен эмеректерди алып келүү, материалдарды тигүү, консалтинг, камсыздандыруу, почталык, медициналык, күзөттүк, кейтерингдик жана клинингдик кызматтарын көрсөтүү, техникаларды оңдоо жана башка иштерди аткаруу боюнча келишимдер түзүлдү. Биринчи жарым жылдыкта “Жерүй” кенинде жумуш аткарууга тартылган 50 аткаруучунун ичинен 15ин ири курулуш уюмдары, 35ин ар түрдүү багыттагы юридикалык жана жеке жактар түздү.

2018-жылдын биринчи жарымында “Альянс Алтын” ЖЧКнын өзүндө жана подряддык уюмдарда бардыгы болуп 480 адам иштеди, алардын арасынан:

  • 84ү “Альянс Алтын” ЖЧКнын кызматкерлери – булардын ичинде Россия Федерациясынын – 5, Казакстан Республикасынын – 1, Кыргыз Республикасынын – 78 (35и таластыктар) жарандары иштешти, жалпы сандын 92,86%ын Кыргызстандын жарандары түздү;
  • 300дөн ашыгы подряддык курулуш уюмдарынын жумушчулары, алардын ичинен 3сү гана чет элдик жарандар (Белоруссия – 2, Кытай – 1), калган 297си же 99%ы Кыргыз Республикасынын жарандары. Булардын ичинен 155 иштөөчү жергиликтүү тургундар болуп саналышат.
  • Кошумча жергиликтүү 96 тургун (негизинен Бекмолдо айыл аймагынан) ишке тартылды, алар объектилерди кайтаруу, эмеректерди жасоо, материалдарды тигүү (шейшеп жамынчыларын), медициналык тейлөө, кейтеринг (тамак-аш уюштуруу) жана клининг (бөлмөлөрдү жыйноо, кир жуумай), суу ташып келүү, тиричилик жана башка калдыктарды ташып чыгаруу, унаа каражаттарын жана башка техникаларды оңдоо сыяктуу ж.б. иштер менен алектенишет. Жергиликтүү тургундардан кошумча тартылган иштөөчүлөрдүн 100%ы Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышат.

2018-жылдын биринчи жарымында подряддык уюмдар “Альянс Алтын” ЖЧК менен келишимдер боюнча 4 миллион 720 370 АКШ долларлык иштерди аткарышты.

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында “Альянс Алтын” ЖЧК Кыргыз Республикасынын бюджетине жалпы суммасы 25 миллион 364 091 сомдук (же 371 308 АКШ доллары) салыктар менен жыйымдарды төлөдү.

Компаниянын топтору боюнча инвестициялык чыгымдар 2018-жылдын биринчи жарымы
Талас облусунун компаниялары 610 620
Мамлекеттик компаниялар 113 670
Чет өлкөлүк компаниялар 737 746
КР компаниялары (Талас облусунан башка) 3 258 333
Бардыгы АКШ доллары менен 4 720 370

2. Майрамдык жана социалдык маанилүү иш-чараларды өткөрүү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында “Альянс Алтын” ЖЧК жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Талас облусунда бир катар социалдык жана майрамдык иш-чараларды өткөрдү, алардын арасында:

1. Талас районунун жана Бекмолдо айыл аймагынын 230дан ашык көп балалуу энелерин жана жарды жашаган аялдарын 8-Март - Эл аралык аялдар күнү менен куттуктоо максатында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, белек катары аларга азык-түлүк топтомдору тапшырылды;

2. Нооруз майрамынын урматына:

  • “Альянс Алтын” ЖЧК кубогу үчүн спорттун түрлөрү, алардын ичинде улуттук оюндар (көк бөрү, ат чабыш, аялдар жана эркектер арасында волейбол, мини-футбол, кыргыз күрөшү,шахмат) боюнча Бекмолдо айыл аймагында мелдештер өткөрүлдү;
  • Талас районунун Өмүралиев айыл аймагында улуттук ордо оюну жана мини-футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү;
  • Бекмолдо айыл айыл аймагындагы аз камсыздалган жана көп балалуу 60 үй-бүлөгө бир каптан ун берилди;

3. Совет доорунда “Жерүй” кенин ачууга жана өздөштүрүүгө даярдык көрүүгө салым кошкон Кыргыз Республикасынын геологиялык кызматынын ардагерлерин Геологдор күнү менен куттуктоо уюштурулду;

4. Өмүралиев айыл аймагынын Ак-Сай айылында Апрель революциясынын баатыры Ж.Огомбаевдин элесине арналган волейбол боюнча турнир өткөрүлдү;

5. 9-Май Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык иш-чаралар уюштурулду:

  • 8-майда Чат-Базар айылында Талас районунун ардагерлери үчүн;
  • 9-майда Талас шаарында Талас облусунун ардагерлери үчүн;

Бул иш-чараларда Талас облусунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун бардык ардагерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

6. Энелердин күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, Бекмолдо айыл аймагынын 60тан ашык баатыр энелерине азык-түлүк топтомдору тартуу кылынды;

7. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы А.Бөрүбаев атындагы жана Сасык-Булак айылындагы орто мектептердин жаш геологдор кружокторунун арасында конкурс өткөрүлдү;

8. КР өкмөтү тарабынан жарыяланган жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча акциянын алкагында үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бекмолдо айыл аймагында “Альянс Алтын” ЖЧК кызматкерлеринин, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү депутаттардын, Кара-Ой айылындагы орто мектептин окуучуларынын катышуусунда ишембилик өткөрүлүп, “Алим” кафесинен ККП-1 чейинки аймак таштандылардан тазаланып, күмүш теректер менен кайыңдын 1000 түпкө жакын көчөттөрү отургузулду.

9. Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары үчүн Чоң-Чычкан дарыясына жөө көпүрө курууга жардам көрсөтүлүп, зарыл курулуш материалдары сатып берилди.

10. Талас облусунун спортчуларынын республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге, ошондой эле маданият ишмерлери менен чыгармачыл кызматкерлердин ар түрлүү конкурстар менен фестивалдарга барып катышуусуна колдоо көрсөтүлдү.

3. “Бакубат Талас” фонду аркылуу Соцпакеттерди ыйгаруу

3.1. Талас облусунун жашоочуларына 2018-жылдын 1-июлуна карата 8%дык жылдык үстөк менен кредит берүү:

3.1.1. Кайтарылуучу каражаттардын эсебинен биринчи транш боюнча Талас облусунун 143 насыя алуучусуна “Кыргызстан” АКБ аркылуу жалпы суммасы 34 965 000 сомдук жеңилдетилген кредиттер берилди, анын ичинен:

  • чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 27 жеке ишкерге жалпы суммасы 17 680 000 сом;
  • айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 116 дыйкан-фермерлерге жалпы суммасы 17 285 000 сом кредит берилди.

3.1.2. Экинчи транш боюнча “Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банк” ЖАК аркылуу Талас облусунун 198 насыя алуучусуна жалпы суммасы 63 644 000 сомдук жеңилдетилген кредиттер берилди, анын ичинен:

  • чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 21 ишкерге жалпы суммасы 35 000 000 сом;
  • айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 116 дыйкан-фермерлерге жалпы суммасы 28 644 000 сом кредит берилди.

3.2. Социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу

  • Уюшулган күндөн 2018-жылдын 1-июлуна чейин “Бакубат Талас” фондуна Талас облусунун мекеме-уюмдарынан жана жашоочуларынын бардыгы болуп 476, алардын ичинен 2018-жылдын биринчи жарымында - 189 арыздар менен кайрылуулар келип түштү.
  • Талас облусундагы социалдык программаларды жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүүнүн алкагында “Бакубат Талас” фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан 2018-жылдын биринчи жарымында 4 отурум өткөрүлүп, жалпы суммасы 21 128 445 сомду түзгөн 67 долбоор жактырылды. Алардын ичинен көрсөтүлгөн аралыкта жалпы суммасы 7 655 550 сомду түзгөн 32 долбоор ишке ашырылды, калган 13 472 895 сомдук 35 долбоор жүзөгө ашыруу алдында турат.
  • Каржылоонун экинчи траншы боюнча ( 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын июлуна чейин) жалпы суммасы 28 642 424 сомдук 92 долбоор жактырылып, жүзөгө ашырууга кабыл алынды. Алардын ичинен 2018-жылдын 1-июлуна карата жалпы суммасы 14 920 459 сомдук 56 долбоор ишке ашырылды, 13 721 956 сомдук 36 долбоор жүзөгө ашырылуу алдында турат жана 3 767 692 сомдук 17 долбоору каржыланды.

3.2.1. “Бакубат Талас” фонду колдоого алган социалдык долбоорлордун багыттары боюнча маалыматтар:

Билим берүү системасы

Бардыгы болуп 4 342 015 сомго 17 долбоор жүзөгө ашырылды. Билим берүү мекемелеринин имараттары оңдоолордон өткөрүлдү, мектеп эмеректери сатып алынды, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базалары чыңдалды, мектеп окуучуларынын республикалык жана башка түрлүү иш-чараларга катышуулары камсыздалды.

Мектепке чейин билим берүү чөйрөсүндөгү бул багыт боюнча 2 689 705 сомго 7 долбоор жүзөгө ашырылды. Мектепке чейинки мекемелердин имараттары оңдолуп, эмеректер сатып алынды, бала-бакчага кошумча имарат, оюн аянтчасы курулду ж.б.

Саламаттыкты сактоо системасы

Бардыгы болуп 2 610 600 сомго 8 долбоор жүзөгө ашырылды. ФАПтар менен ҮДТ имараттары оңдолду, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базалары чыңдалып, медициналык жабдуулар сатып алынды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн борборлор

Бардыгы болуп 747 450 сомго 4 долбоор ишке ашырылды. Талас районунун Талды-Булак айылындагы “Таң Нуру” ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн күндүзгү борборунун имаратынын жылытуу системасы капиталдак оңдоодон өткөрүлүп, айнектери алмаштырылды, ДЦП, аутизм жана башка синдромдор менен жабыркаган балдардын “Теңир Колдо” реабилитациялык борборунун курулушун бүткөрүүгө курулуш материалдары сатып берилди.

Маданият мекемелери

Бардыгы болуп 2 352 000 сомго маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдоого, имараттарды оңдоого, чыгармачылык үчүн кийимдерди тигүүгө, маданият ишмерлеринин түрлүү чыгармачыл иш-чараларга катышуусуна багытталган 12 долбоор жактырылды.

Дене тарбия жана спорт

Бардыгы болуп спорттук объектилерди оңдоого, спорттук эмеректерди, спорттук кийимдерди сатып алууга, спорттук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө, облустун спортчуларын республикалык жана эл аралык турлүү мелдештерге катыштырууга багытталган жалпы суммасы 4 738 300 сомдук 21 долбоор жактырылды.

Инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү

Бардыгы болуп облустун борбордук паркын жарыктандырууга жана көчөлөргө, Сулуу-Маймак, Бакай-Ата, Аманбаев айылдарынын борбордук көчөлөрүнө электр шамдарын орнотууга багытталган жалпы суммасы 7 895 000 сомдук 10 долбоор жактырылып, учурда алардын 7сү ишке ашырылды, дагы 3 долбоор жүзөгө ашыруу алдында турат.

Айыл чарбасы жана ирригация

Облустун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, суткалык жөнгө салынуучу суу бассейндерин, каналдарды механикалык тазалоого, гидрокурулуштарды оңдоого багытталган жалпы суммасы 2 395 373 сомдук 5 долбоор жактырылды.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо

Бардыгы болуп жалпы суммасы 824 786 сомду түзгөн 4 долбоор жактырылган жана алардын 3сү аяктады. 1 долбоор ( “Манас районундагы Нылды айылынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн суу куурларынын түйүндөрүн оңдоо”) аяктоо алдында турат.

Укук коргоо органдарынын системасы

Бардыгы болуп укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базаларын чыңдоого, административдик имараттарды оңдоого жана техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган 1 439 800 сомдук 4 долбоор жактырылган.

Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар

Бардыгы болуп Афганистан согушунун ардагерлеринин коомдук бирикмесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, Бакай-Ата жана Талас шаарынын мечиттеринде даарат алуучу бөлмөлөрүн курууга багытталган 493 550 сомдук үч долбоор жактырылды.