EN KG RU
"Альянс Алтын" компаниясы негиздеген "Бакубат Талас" фондусу жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн кам көрүүдө

Ч. Мамбетов атындагы Талас областтык ооруканасынын төрөт бөлүмү буга чейин мөөнөтүнө жетпей ара төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууда атайын жабдыктардын эскилигинен кыйынчылык тартып келген. Ошондон улам оорукананын жетекчилигинин ара төрөлгөн балдарды жандандыруучу атайын аппарат сатып берүү жөнүндөгү кайрылуусу фонддун Байкоочу кеңешинин колдоосун таап, 500 миң сомго атайын Россиялык инкубатор сатылып берилди. Бул аппаратта мөөнөтүнөн мурда же кандайдыр бир илдетке чалдыгып төрөлгөн ымыркайлар убактылуу кармалып, жандандырылат. Оорукананын башкы дарыгери Нурдин Усупбаевдин айтымында мурда мындай аппаратардын жетишпестигинен, эскилиги жеткендигинен улам көптөгөн наристелердин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой келген. Мисалы областтык оорукананын төрөт бөлүмүндө бир жылда 6000 наристе жарык дүйнөгө келсе, ошонун ичинен 1000 ымыркай ар түрдүү паталогиялар менен төрөлүп атайын инкубатордун жардамына муктаж болот. Бул инкубатордун жардамы менен алыскы райондордон ара төрөлүп кыйналган ымыркайларды областын борборуна транспорт менен коопсуз жагдайда жеткизип алууга дагы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дарыгерлер "Альянс Алтын" компаниясына, "Бакубат Талас" фондусуна келечек муун үчүн көрүп жатышкан камкордуктарына ыраазычылык билдиришти.