EN KG RU
9 - май

Талас облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 71 жылдыгына арналган шаардык жана райондук иш-чаралар өткөрүлдү. "Альянс Алтын" компаниясынын атынан Талас облусунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 300 ардагери жана оорук эмгекчилери куттукталды. 9-майда маданият жана эс алуу паркында 20дан ашуун иш-чаралар өткөрүлдү: үйлөмө оркестрдин чыгышы, согуш жылдарынын ырларынын концерти жана театрдаштырылган оюндар, мастер-класстар жана кинокөрсөтүүлөр. Ардагерлер үчүн "Талас" ресторанында майрамдык дасторкон уюштурулуп, ар бир ардагерге кайрымдуулук жардамдар көрсөтүлдү.