“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги, КР Окмотунун Талас облусундагы ыйгарым укуктуу окулу, Талас шаарынын жана Талас районунун жетекчилиги менен биргеликте “Курман-Айт” майрамына карата облустун аймагында бир катар кайрымдуулук иш-чараларын откозушту. Алардын алкагында Талас шаарындагы мукунчулугу чектелген балдардын «Тенир-Колдо» борборуна акчалай жардам корсотулуп, балдардын тамак-ашына атайын жандык курмандыка чалынды. Аталган борбор озгочо жардамга муктаж балдардын ата-энелеринин кучу менен тузулуп, озун-озу каржылап иштеп келет. Ушундай эле жардамды Талас районунун борбору “Кок-Ой” айылындагы «Озгочо жардамга муктаж балдардын реаблитациялык борбору» дагы алып, тарбиячылар, «Имараттын ондоп-тузоо иштерине каражат жоктугунан бутпой турганда бул ото чон колдоо болгондугун айтып, ыраазычылык билдиришти». Бул борбор дагы мында тарбияланган балдардын ата-энелеринин оз кучу менен ачылып, демоорчулордун, эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштеп келет. Мындан тышкары Талас районундагы “Омуралиев” айыл окмотуно караштуу “Чат-Базар” айылындагы балдар бакчасына компьютер, принтер белек кылынса, “Жеруй” алтын кени жайгашкан Талас районундагы “Бекмолдо” айыл окмотунун жардамга муктаж болгон 70 ге жакын уй булосуно бир баш бодо малдын эти таратылды.