EN KG RU
Энелер күнү

 Энелер күнү 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен уюштурулган. Бул майрам Кыргызстанда майдын ар бир үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Бул жылы "Энелер күнү" 15-майга туш келген. "Альянс Алтын" компаниясынын атынан Талас облусунун эгиз жана үч эгиз төрөгөн, ошондой эле "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарынын ээлери куттукталды. Айымдар белектерди алышып, социалдык баштыктар түрүндө (күнүмдүк керектөөлөр азык-түлүктөрү) кайрымдуулук жардамдарын алышты.