EN KG RU
“Альянс Алтын” ишканасы “Жер-Үйдө” алтын өндүрүүчү фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушун баштады

23-ноябрь күнү Талас облусундагы “Жер-Үй” алтын кенинде алтын өндүрүүчү фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушунун башталышына байланыштуу капсула салуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов, Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чолпонбек Төрөкулов, Орусиянын Кыргыз жериндеги атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, “Русская Платина” ишканасынын башкы директору Евгений Воробейчик, “Альянс Алтын” ишканасынын башкы директору Михаил Шубин жана жергиликтүү тургундар, айылдык кеңештин депутаттары катышты.