EN KG RU
«Альянс Алтын» компаниясы Талас областынын ардагерлерин Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

“Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому жана компания тарабынан негизделген “Бакубат Талас” фонду Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Талас облусунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга активдүү катышты.

8-май күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Советтер Союзунун Баатыры А. Оторбаев атындагы Жеңиш паркында жергиликтүү бийлик өкүлчүлүктөрү менен биргеликте митинг-реквием өткөрүлүп, иш-чара “Өлбөс полктун” жүрүшү менен коштолду. Андан кийин “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгүнүн негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер менен биргеликте парктын аймагына жашыл дарактардын, алманын көчөттөрү олтургузулду. Майрамдык иш-чара андан ары Манас айылындагы белгисиз аскердин эстелигине гүл чамбар коюп, куран окуу менен улантылды. Жыйынтыгында ардагерлерге “Каныкей” кафесинде “Альянс Алтын” ЖЧКсы менен Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюшутурулган сый тамак берилип, компания тарабынан согуштун жана тылдын катышуучуларына акчалай материалдык жардам менен күнүмдүк турмушта керектелүүчү азык түлүктөр салынган атайын пакеттер тапшырылды. Куттуктоо сөзүндө “Альянс Алтын” ЖЧКнын Башкы директорунун орун басары Көлбай Мусаев “Биз бүгүнкү тынчтык күн үчүн сиздердин эрдигиңиздерге баш ийип таазим кылабыз. Сиздер дайыма биздин көңүлүбүздүн борборунда турасыздар!”-деп белгиледи.

 “Альянс Алтын” компаниясынын жана “Бакубат Талас” фондусунун ушундай эле акчалай белектерине, сый-тамактарына облустун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун жана Талас шаарынын ардагерлери дагы ээ болушту.

“Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги ушул эле күнү Бекмолдо айыл өкмөтүнүн ардагерлери, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп окуучулары менен биргеликте айыл өкмөткө караштуу Сасык-Булак” айылындагы орто мектептин аймагына дагы бак-дарактардын жана алманын көчөттөрүн олтургузушту.