EN KG RU
“Альянс Алтын” компаниясы Талас районунун тургундарына спорттук майрам тартуулады

23-24-март күндөрү Талас районундагы “Бекмолдо” айыл аймагынын тургундары үчүн “Альянс Алтын” компаниясы “Нооруз” майрамынын урматына спорттун 9 түрү боюнча спорттук мелдештерди өткөрдү. Айыл аймагына караштуу “Хан Бүрөо”, “Кеңеш”, “Сасык- Булак” жана “Кара-Ой” айылдарынын тургундары  “Альянс Алтын” кубогу үчүн-Көк-бөрү, Ат чабыш, Кунан чабыш, Тай чабыш, Эр эңиш, Ордо,  Кыргыз күрөш, Футбол жана Волейбол оюндары боюнча таймашып, жеңүүчүлөр компаниянын атынан атайын кубок жана акчалай байгелерге ээ болушту. Көк Бөрү, Ордо, Эр эңиш оюндарынан Хан- Бүргө айылынын спортчулары жеңишке жетишсе, Ат чабыш, кунан чабыш, тай чабышта Сасык-Булак, Кеңеш айылдарынын жана оюнга атайын конок катары келип катышкан И. Осмонкулов атындагы айыл өкмөттүн  күлүктөрү алдыга оозуп чыкты. Футбол оюнунан Кара-Ой айылынын спортчулары, айымдар арасындагы Волейбол оюнунан ушул эле  Кара-Ой айылындагы А. Бөрүбаев атындагы орто мектептин мугалимдер командасы, эркектер арасындагы Волейбол оюнунан  айыл өкмөттүн 1976-1977-жылдардагы төрөлгөн спортчулары алдыңкылардан болушуп, баардык жеңүүчүлөр “Альянс Алтын” компаниясынын атайын кубокторун, акчалай байгелерин жеңип алышты. Ушул эле күнү  Талас районунун Өмүралиев айыл аймагынын жаштары дагы Ордо, кичи футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүшүп  Альянс Алтындын акчалай  сыйлыктарына ээ болушту.