EN KG RU
Жерүйдө курулуш иштерине алгачкы старт берилди

25-апрелде “Жерүй” алтын кениндеги ички жолдордун курулушун баштоо боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Ага КР өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын колдонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары А. Сапаралиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери, Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттары жана “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилери менен жол салууга тендерден утуп алышкан компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара КР гимни менен КР желегин көтөрүү аземинен башталды. Андан кийин КР өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын колдонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары А. Сапаралиев, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Б. Турсуналиев, Талас районунун акиминин биринчи орун басары К. Табышов, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К. Молдобеков сөз сүйлөшүп, “Жерүй” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу бир гана Талас облусунун эмес, жалпы өлкөбүздүн экономикасынын көтөрүлүшүнө жол ачаарын белгилешти. Алардын айтуусу боюнча бугүнкү күндө Талас жергесинин жашоочулары “Альянс Алтын” компаниясынан бир катар жардамдары алып жатышат жана тез арада курулуш иштерин бүтүп жашоочуларды иш менен камсыз кылууларын күтүшүүдө. Ал эми жолдорду жасоо милдетин алышкан ишканалардын жетекчилери жолдун курулушун өз убактысында сапаттуу бүткөрүп берүү боюнча милдеттемелерди алышарын билдиришти.

Ал эми “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директору М. Шубин бүгүнкү күндө мурда убада кылынгандай ички жолдорду куруу иштери башталганын эми мындан тышкары дагы кендин аймагында бир катар курулуш иштери жүргүзүлөрүн белгиледи. Жерүйдү белгиленген мөөнөттө ишке киргизүү максатында компания азыркы күндө болгон аракетин жасап жаткандыгын, буйруса баардык иштер КР мыйзамдарынын негизинде эл аралык стандарттарга таянуу менен жасалат деди Шубин өз сөзүндө. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулар иш башталышы менен кызыл лента кесишип, атайын техникалар, жумушчулар үчүн курулган жатакана менен жакындан таанышып, имараттын алдына бак-дарактарды олтургузушту.