EN KG RU
"Альянс Алтын": "Жер-Үйдү иштетүүдө экологияга аяр мамиле кылуу принциптери так сакталат"

Үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү Талас шаарында “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү укугун утуп алган “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому  эл менен жолугуп, 2016-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгын, 2017-жылга пландарын маалымдады.  Ага облус башчысы Дайыр Кенекеев, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Дүйшөнкул Зилалиев, Экологиялык-техникалык инспекциянын, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Талас облусунун тургундары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар өкмөт өкүлдөрүнө жана компания жетекчилерине кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты. Айрымдары экологиялык маселерге кызыгышса, айрымдары алтын кенди иштетүү зарылдыгын айтышты. Ал эми “Альянс Алтындын” башкы директору Михаил Шубин алтын кенди иштетүүдө социалдык жоопкерчилик, өндүрүштүк коопсуздук жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу принциптери так сакталарын баса белгиледи.

ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТӨЛӨМ

2015-жылы “Альянс Алтын” ишканасы “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү укугуна ээ болуп, Кыргыз өкмөтүнө 100 миллион АКШ долларын төлөп берген. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен лицензиялык төлөмдүн эсебинен 100 жаңы мектеп салуу жана 100 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери каралган. Алардын алды курулуп бүтүп, ишке берилди. Андан тышкары Талас облусуна 170 миллион сом, Талас районуна 170 миллион сом, Бекмолдо айыл өкмөтүнө 170 миллион сом бөлүнгөн. Анын негизинде областтык, жана Талас райондук өнүктүрүү фонддору түзүлүп, социалдык-экономикалык долбоорлорду  каржылоодо.

СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК

“Альянс Алтын” ишканасы социалдык-экономикалык жоопкерчилигин натыйжалуу аткаруу максатында 2015-жылы “Бакубат Талас” фондун түзгөн. Алгачкы 3 жылда фондго 100 миллион сомдон, кийинки жылдары 150 миллин сомдон бөлүнөт. Анын 70 пайызы 8 пайыздык үстөк менен кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө берилсе, 30 пайызы социалдык долбоорлорго кайтарымсыз берилет. Алсак, 2016-жылы аталган фондго бөлүнгөн 100 миллион сомдун эсебинен 242 жаран 67 миллион 210 миң сом ишкерликти жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында колдоо  алса, жалпы суммасы 16 милион 152 миң сомдук социалдык долбоорлор каржыланган. Андан сырткары ар кандай майрамдарда компания өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга материалдык жардам көрсөтүп, маанилүү иш-чараларды ар тараптан колдоого алып келет.

1000ге ЖАКЫН ЖУМУШ ОРДУ ТҮЗҮЛӨТ

“Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы ачылып, 1980-жылдардын аягында курулушу башталган. Бирок союз таркап кетип каражаттын жоктугунан улам токтоп калган. Кийин бир канча чет элдик инвесторлор кенди иштетүү кызыкчылыгын көздөп, лицензия ээлери байма-бай алмашып турган. “Жер-Үй” кенинин баланстык кору 88 тонна алтынды  түзөт. “Альянс Алтын” ишканасынын башкы директору Михаил Шубиндин айтымында, курулуш иштери башталуу алдында турат. Комбинат 2019-жылдын башында толук кандуу иштеп баштайт. Анын ишке кириши менен областа 1000ге жакын жумуш орду түзүлөт. Ишкана толук кандуу ишке кирген учурдан баштап жумушчулардын дээрлик 90 пайызы Кыргыз Республикасынын жарандары болушат.