9-августа балдар Талас дарыясынын жээгинде жайгашкан “Барчын” эс алуу лагеринин 4-бөлүгүнө эс алууга киришти.
«Алтын-Альянс» компаниясы негиздеген «Бакубат Талас» фонду «Барчын» лагеринин имаратынын чатырын жаптырып, керебет, төшөнчүлөр менен камсыз кылды. Бул тууралуу аталган фонддун Талас облусундагы жетекчиси Абданбек уулу Белек билдирди.
С самого начала своего функционирования ОсОО «Альянс Алтын» уделяет особое внимание оказанию поддержки в социально-экономическом развитии Таласской области, принимает непосредственное участие практически во всех общественно-значимых и праздничных мероприятиях в регионе.
Талас облусунан мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасына жолдомо утуп алышкан 207 жаш спортчуларга “Бакубат Талас” фондусу 200 миң сом колдоо көрсөтүп, жалпы оюнчулардын параддык формасын, оюндардын түрлөрүнө карата атайын спорттук формаларды жана керектүү спорт жабдыктарын беришти.
Мындан тышкары жакын арада «Бакубат Талас» фонду тарабынан жалпы суммасы 6 296 973 сомго 10 социалдык долбоорду аяктоо пландалып жатат.
“Альянс Алтын” компаниясы 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Талас районунун айымдарын куттуктады. Иш-чаранын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Көк Ой” айылынын маданият үйүндө айымдар үчүн майрамдык концерттик программа уюштурулуп, баатыр энелерге, көп балалуу турмуш шарты начар айымдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга күнүмдүк турмуш шартта өтө керек болгон азык-түлүктөр салынган пакеттер тапшырылды.
«Альянс Алтын» компаниясы негиздеген «Бакубат Талас» фонду жергиликтүү бийлик өкүлдөру менен тыгыз байланышта иштеп, областагы билим берүү, спорт, маданият жана башка тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүнү колго алып келет.
"Альянс Алтын" компаниясы тарабынан негизделген "Бакубат Талас" фондусунун демөөрчүлүгү менен Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жаңы заманбап имарат курулуп ишке берилди.