2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниясында маанилүү окуя болду: компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды.
2025-жылдын 23-июлунда «Альянс Алтын» компаниясында маанилүү окуя болду: компаниянын расмий штаттык курамына 1000-кызматкер кабыл алынды.
Салтка айланган бул спорттук жарыш "Альянс Алтын" компаниясынын кызматкерлеринин жана подряддык компаниялардын өкүлдөрүнүн биримдигинин символу болуп, командалык духту, өз ара ынтымакты жана корпоративдик маданиятты бекемдеп келет.
«Альянс Алтын» компаниясы Жерүй кенин иштетүүнүн алкагында Талас облусунун айлана-чөйрөсүн коргоого жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган экологиялык иш-чараларды ырааттуу жүзөгө ашырып келет.
Талас шаарындагы “Таза суу” муниципалдык ишканасынын техникалык базасы жаңыланды. Ишканага 18 кубдук жаңы үлгүдөгү “Хово ассенизатор” берилди. Анын баасы 5 миллион 650 миң сомду түздү.
Шумкар-Уя айыл аймагында эркин жана грек рим күрөшү боюнча "Асанбек Оторбаев - Шумкар уя" эл аралык турнири башталды. Турнир 2-6- майга чейин уланат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин тапшырмасынын негизинде жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин колдоосу менен Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын Турсунбек Казаков атындагы жүрөк оорулар бөлүмүн оңдоп-түзөө үчүн 5 миллион 300 миң сом бөлүндү.
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин тапшырмасынын негизинде “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин колдоосу менен Талас Медициналык колледжине 3 млн. 550 миң сом бөлүндү.
Балык запастарын калыбына келтирүү максатында Талас районундагы жайлоодо жайгашкан Түз-Ашуу жана Чоң-Чычкан дарыяларына дагы 20 000 севан форелинин чабактары коё берилди.
Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана “Хонда стрим” үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды.
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Талас шаарында салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага 300 гө жакын айым чакырылды.